ТИМ: Калифорния жээгинде карантинге алынган лайнерде эки кыргызстандык бар

© REUTERS / California National GuardКруизное судно Grand Princess у берегов Сан-Франциско
Круизное судно Grand Princess у берегов Сан-Франциско - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экөө тең абалы жакшы экенин, күнүнө үч маал тамактанып, азырынча каюталарда күн кечирип жатканын айтышты. Элчилик алар менен мындан ары дагы байланышып турмакчы.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. АКШнын Калифорния штатынын жээгинде коронавирустан улам карантинде турган Grand Princess круиздик лайнеринде эки кыргызстандык бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

"Мурда түшүп кеткен эки жүргүнчүдөн коронавирус табылган Grand Princess лейнери 5-март күнү карантинге алынган. Мындан соң Кыргызстандын АКШ жана Канададагы элчилиги Американын компетенттүү органдарынан кыргызстандык жарандардын лайнерде бар-жогу тууралуу маалымат сураган. Алар Кыргызстандан барган эки адам тууралуу кабарлашты", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан соң элчилик алардын өздөрү менен байланышты.

"Экөө тең абалы жакшы экенин, күнүнө үч маал тамактанып, азырынча каюталарда күн кечирип жатканын айтышты. Элчилик алар менен мындан ары дагы байланышып турмакчы", — дешти элчиликтен.

Эл аралык Манас аэропортунда келип жаткан жүргүнчүлөр коронавирус ооруга текшерүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Япония: карантинге алынган лайнердеги кыргызстандык жигит Бишкекке келди
Маалыматка караганда, лайнер бүгүн, 9-мартта, Окленд шаарындагы портко токтоп, медициналык жардам керек болгон жүргүнчүлөрдү түшүрмөкчү.

Белгилей кетсек, буга чейин 3 700 туристи бар Diamond Princess лайнери Японияда карантинге алынган. Анда кыргызстандык бир жигит бар болчу. Ал коронавируска төрт ирет анализ тапшырган. Үчүнчүсүндө коронавирус жуктурганы аныкталган. Бирок төртүнчү жолу тапшырган анализи таза чыгып, Токиодогу ооруканадан чыгарылган. Кечээ ал Бишкекке кайтып келип, эки апталык карантинге киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0