Коронавирус пандемия кооптуулугун жарата баштады. Дүйнөлүк уюм үн катты

© REUTERS / Heo RanТүштүк Корея жокерлер коопсуздук кийимчен дезинфекция кылып жаткан убакытта. Сеул, 04 март 2020 жыл
Түштүк Корея жокерлер коопсуздук кийимчен дезинфекция кылып жаткан убакытта. Сеул, 04 март 2020 жыл - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
104 өлкөдө коронавирустун жаңы түрү жуккан учурлар катталды. Акыркы маалыматтарда, анын курмандыгы 4 миң киши болду.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Коронавирустун дүйнөлүк алкакта тароо кооптуулугу барган сайын чындыкка жакындап келе жатат. Бул туурасында РИА Новости Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жетекчиси Тедрос Адханом Гебрейесуска шилтеме кылып билдирди.

"Коронавирус ушунча көп сандагы өлкөгө тарап кеткендиктен анын пандемияга айлануу кооптуулугу улам чындыкка жакындап бара жатат. Бирок бул көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бар биринчи пандемия болот" , — деген ал.

Акыркы маалыматтарга караганда, 104 өлкөдө коронавирус жуккан 113 754 учур катталып, 4016 адам каза болгон. Жалпы сандын ичинен 63 663 киши айыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0