Бразилиядагы фонд биржасынын кызматкери. Архивдик сүрөт

Дүйнө дүрбөй түшкөндө. Ким кандай максатты көздөп, аягы эмне менен бүтөт

316
(жаңыланган 13:37 11.03.2020)
Рыноктогу көрүнүштү түшүнүү үчүн адегенде окуяларды ирети менен көздөн бир өткөрөлү. Кандай болгон күндө да аягы жакшылыкка алып барбаган кымгууттук тегин жерден жаралбаганын туйганыбыз оң дейт россиялык эксперт Иван Данилов.

Өткөн жумадагы ОПЕК+ жолугушуусунан кеп салсак, аталган келишимдеги тараптардын ордун катышуучулардын билдирүүлөрүнөн эмес, жалпысынан ОПЕК+ уюмун жактыра бербеген, анын ичинде Россияны дегеле кыртышы сүйбөгөн Батыштын маалымат каражаттарындагы макалаларга көз чаптырып карап чыгалы.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн Британиянын Reuters агенттиги мындайча баяндайт:

"Өткөн бейшембиде ОПЕК министрлери мурда кабыл алынган — мунай өндүрүүнү суткасына 2,1 миллион баррелге кыскартуу чечимин узартууга кошумча катары 2020-жылдын аягына чейин күнүнө 1,5 миллион баррель көлөмүндө колдошконун (өндүрүштүн көлөмүн кошумча кыскартууну ) жар салышкан. Бул суткасына рыноктон жалпы 3,6 миллион баррелди же дүйнөлүк ташып-жеткирүү көлөмүнөн 3,6 пайызды алып салууну туюндурмак. Москва жума күнү андай сунушту четке кагып, быйыл марттын аягында күчүн жогото турган, суткасына 2,1 миллион баррелге кыскартуу боюнча чечимди узартууга гана макул болорун билдирген. Бирок андай талапка жооп катары ОПЕК мурдагы кыскартуу боюнча келишимдин мөөнөтүн узартуудан да баш тартты.

Аныгында Россия эч бир нерсени бузган жок. ОПЕК боюнча өнөктөштөрү РФке карата "битке өчөшүп, көйнөгүн отко салгандай" эле болушту. Мындай аракетин Россияга карата алты жылдан бери кайра-кайра кайталап, бирок майнап чыгара албаган украиналык коңшусунун деле тажрыйбасын этибарга алышпаган өңдүү.

Британ басылмасындагы маалыматтарга таянып, кырдаалды дагы бир ирет төмөнкүчө мүнөздөсөк болот: чакчелекей түшпөй (коронавирустан улам — ред) Россия мурдагы калыбында калтырууну сунуштаган. Бир пикирге келүүгө жол издегендин ордуна ОПЕК өлкөлөрүнүн өкүлдөрү (мында башкы ролду Сауд Аравиясы ойноп кетти өңдөнөт) колдо турганды да талкалап, кийин баарын болушунча кыйын абалга салгыдай жагдай жаратышты. Башкача айтканда, "мурда кыскартылган көлөмдө өндүрүүнү уланта берүү" (Эр-Рияддын көз карашында кынтыксыз болбосо да) жана "баарын жоюп, рынокту кыйратып, жалпыга, биринчи кезекте өзүнө доо кетирүү" варианттарынын арасынан ОПЕКтеги өнөктөштөр эч чочулабастан туруп (Кремлге эрегишип) "көйнөктөрүн отко салышты".

Чындыгында мунай баасынын мынчалык түшүшү окуянын мындай нук ала турганын рынокто эч ким күтпөгөнүнө байланыштуу жана өткөн жумадагы сүйлөшүүлөргө чейинки эң жаман сценарий — мурдагы чектөөлөрдү өзгөртүүсүз калтыруу болсо керек.

РФтин Батыштагы өнөктөштөрү мунайдын баасы кимдин айынан түшүп кеткенин жакшы билгендей. Маселен, америкалык CNN телеканалы "1991-жылдан тарта мунай болушунча түшүп келе жатат: Сауд Аравиясы соода согушун баштады" деген темада материалын чыгарды. Ал эми каржы жаатындагы европалык белдүү басылма болгон Financial Times "Мунайдын кыйрашы: Эмнеге Сауд Аравиясы мунай баасына кеңири согуш жарыялады" деп жазды.

Сауд Аравиясы олуттуу түрдө рынокту гана кыйратып тим болбостон, бүт дүйнөгө (мунай өндүргөн өлкөлөр гана тургай) болушунча оор таасир эткидей кылууга тырышты. Аталган мамлекет апрелде өзү өндүргөн мунай бардык каалоочуларга биржада коюлган баага караганда он долларлык арзандатуу менен сатыларын гана жар салбастан, мунайды өндүрүү көлөмүн күнүнө үч миллион баррелге чейин чыгарууга даяр экенин маалымат айдыңынан жашырбады.

Булар боюнча мунайдын баасынын түшүшүнө үч себепти белгилесек болчудай. Биринчиси: коронавирус капсалаңынын дүйнөлүк экономикага таасиринен улам (бүтүндөй планетадагы, анын ичинде АКШ жана Евробиримдиктеги рыноктор кымгуут түшүүдө) мунайга болгон суроо-талап азаюуда. Экинчиден, "ОПЕК келишиминин" токтотулушу. Үчүнчүсү, башка өндүрүүчүлөр баррелин 30 доллардан сатып жатышса, Сауд Аравиясы болжол менен 20 доллардан сатууга ниеттенди. Сатыктын көлөмү өскөн күндө да бул арзандатуунун чыгымын жаап бербейт.

Балким Эр-Рияддагылар мунайдын баасы түшсө, россиялык экономика кыйрап, Россия позициясын кайра өзгөртүүгө мажбур болот деп үмүттөнүшкөн чыгар, бирок бул — куру кыял. Россия максаттуу түрдө, мунайдын баасынын кескин түшүшүнө алып келчү геосаясий, дипломатиялык же экономикалык себептер качандыр бир жараларын болжоп, ага туруштук берүүгө бир топ жылдан бери камынып келген.

Россиянын Каржы министрлигинен белгилешкендей, "төмөн бааларды туруктуу бойдон кармоодо мамлекеттин бардык милдеттенмелерин аткаруунун кепилдиги болуп макроэкономикалык жана каржылык туруктуу сактоонун кепилдиги катары Улуттук бакубаттуулук фондунун (ФНБ) тез сатыла турган активдердин жетиштүү көлөмдө болушу саналат".

2020-жылдын 1-мартына карата ФНБнын тез сатыла турган каражаттарынын жана кошумча мунай-газ кирешелеринин каттоосу боюнча эсептеги каражаттардын көлөмү 10,1 триллион рублди (150,1 миллиард доллар) же ИДПнын 9,2 пайызын түзгөн.

Көрсөтүлгөн каражат алты-он жыл аралыгында мунайдын баррелинин 25-30 долларга чейин (2017-жылдагы баалар) түшүшүнөн улам кирешенин азайышынын кесепетин жоюуга жетишерлик (демпфер механизминин аракеттеринин алкагындагы түшкөн каражаттарды кошо эсептегенде)."

Айтмакчы, ОПЕКтеги өнөктөштөрдүн кысымына (келишимди жалпы бузуу коркунучу туулса да) баш ийип берүү жакшы пикир экени арсар, жок эле дегенде коронавирустун айынан рыноктордо кымгуут түшүп, ал эми рыноктор мындай абалда так өлчөнбөйт.

Баанын түшүшүн ооздуктап турууга болор эле, бирок саудиялык аракет көйгөйдү тереңдетип жиберди, мындан кайрадан эле ОПЕКтеги өнөктөштөр көп жабыр тартат.

Мында Сауд Аравиясынын риалы (улуттук валютасы) долларга карата белгиленген курсу бар (валюталык резервди жумшоо менен курсту катуу коргоого туура келет), бюджеттин таңсыктыгы жылына 50 миллиард доллар өлчөмүндө. Бул ИДПнын 6,5 пайызды түзөт, бул Brent мунайынын баррели 60 доллар жана бюджетти баланстоонун баасы баррелине 71 доллар болуп турган маалдагы көрсөткүч экенин эске салалы.

Мындайда, айрыкча бул өлкөнүн шартында (2018-жылы Forbes берген баа боюнча), бюджетинин 87 пайызы мунайдан түшкөн кирешеден кураларын эске алсак, саудиялык валюталык резерв (болжол менен 501 миллиард доллар – 2020-жылдын январь айына карата маалымат) узакка жетпейт.

Ага салыштырмалуу Россия каржылык туруктуулуктун эталону катары көрүнөт: таңсыктыгы жок бюджет (баанын кескин түшүшүндө белгилүү бир таңсыктык болушу айтпаса да түшүнүктүү, бирок баштапкы чекит алда канча дурус), курсу калкыма, мунай-газдан пайдасы бюджеттин киреше бөлүгүндө (2019-жылга карата Россиянын Каржы министрлигинин маалыматы) — 40,8 пайыз.

Баарынан оболу ОПЕКке мүчө өлкөлөрдүн экономикасына жана америкалык сланецтик ишканаларга сокку бере турган мындай кыйын кезеңге туруштук берүүгө Россиянын бардык мүмкүнчүлүгү бар. Ал тургай, өнүккөн экономикаларды да, анын ичинде АКШ жана Евробиримдикти да катуу силкинтери турулуу иш.

Акылга сыйбагандай көрүнөр, бирок мунайдын өтө төмөн баасы "жамаатташкан Батышты" да бир топ түйшөлтөт. Бул тарыхтагы окуялар менен да, дүйнөдөгү жаңы маалыматтар аркылуу да тастыкталууда. Мисалы, Франциянын экономика жана финансы министри Брюно Ле Мэрдин France Inter француз радиосунун түз обосундагы: "Сауд Аравиясы эң бай G20 өлкөлөрдүн тобунун президенти катары мунайдын баасы рыноктун кутун качырбагыдай макулдашуусун каалайт элем", – деген билдирүүсүн америкалык CNBC телеканалы да берди.

"Узак мөөнөттүү келечегинде мунайдын баасы ашкере ылдыйлап кете турган болсо, бул рынокту тынчсыздандырат жана биздин ишканалардын каржыланышына жана экономикабызга терс таасир этиши ыктымал", — деп кошумчалаган министр.

Bloomberg агенттигине билдирген пикиринде, энергетика боюнча адис Хавье Бласс тарыхый бир окуяны: болочок президент улуу Жорж Буш биринчи 1986-жылы Сауд Аравиясына мунай рыногундагы өзү билемдикти токтотуу талабы менен барганын эске салат. Жүйөлүү түрдө "Техаска коркунуч келтирерлик арзан болбосо, анда АКШ арзан мунай үчүн" экенин белгилейт.

Азыркы жагдай АКШ ИДПсынын болжол менен жети пайызына жана эмгек рыногунун басымдуу бөлүгүнө жооп берген бүтүндөй мунай-газ тармагына түз коркунуч туудурат.

Бардык кызыкдар тараптар кырдаалдан чыгуу үчүн аздыр-көптүр ылайык жол издейт, балким эртели-кеч табылып да калар, кандайдыр бир деңгээлде орток пикирге келишерин боолголоого да негиз бар. ОПЕК+ уюмунун техникалык комитетинин кийинки жолугушуусу (батыш басылмаларында айтылгандай, болжолдуу күн — 18-март) — жагдайды жакшыртуу жолдорун издөө жана аныктоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Каржы рыногунун оош-кыйышына, ал түгүл узакка созулса да туруштук берүүгө Россиянын күчү толук жетет.

316
Белгилер:
Батыш, рынок, эмгек, баа, Мунай, нефть, Сауд Аравиясы, газ, Россия
Тема боюнча
Айласы жок... АКШ россиялык нефтиден көз каранды экенин мойнуна алды
Газ кыйсыпыры: дүйнөдө эмне болуп жатат?
Нью-Йорктогу полиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт

АКШда расизмге каршы күрөш мародерлор менен кармашка айланды

21
(жаңыланган 11:42 05.06.2020)
Полициянын колунан каза тапкан афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн улам тутанган массалык башаламандык, карактоо жана өрт коюу басылбай келет. Штаттын жарымына коменданттык саат киргизилген, бирок жергиликтүү бийликтин аракети байкалбайт.

Полициянын күчү жетпей барат, вандализм менен мародерлукту токтотуу үчүн Дональд Трамп регулярдык армияны пайдаланууга ниеттенүүдө. Президент үчүн бул канчалык кооптуу экенин биздин өнөктөш РИА Новости агенттигиндеги кесиптешибиз Софья Мельничук сураштырып көрдү.

Кайрадан мыйзам жана тартип

Америкалыктар өлкө башчысынын улутка кайрылуусун күтүшкөн. Бирок президент создуктуруп отуруп, Вашингтондогу витриналар болушунча талкаланган соң, 2-июнда гана элге кайрылды.

"Жорж Флойддун өлүмү көңүл чөгөртөт, — деп баштады ал. — Бирок жаалданган топтун тынч митингди бузушуна жол бере албайбыз. Жабыр тарткандардын көбү — калктын мыйзамга баш ийген жана жакыр катмары. Аларды коргоо үчүн күрөшөм".

"Мен мыйзам жана тартиптин президентимин", — деп белгиледи Трамп. Америкага бул ураан жакшы тааныш. 1968-жылы да кыйын маалда өлкө президенттик шайлоого даярданып жаткан. Вьетнамдагы согушка каршы массалык демонстрациялар, аялдарды жана расалык азчылыкты колдоо акциялары өтүп жаткан.

Ынды каралардын укугу үчүн күрөшкөн Мартин Лютер Кинг (кенже), андан кийин эл чоң үмүт арткан сенатор Роберт Кеннеди өлтүрүлгөн соң Ричард Никсон шайлоого "мыйзам жана тартип" деген ураан менен чыккан.

"Көйгөйдүн баары чындап эле ынды караларда экенин моюнга алуу зарыл", — деп түшүндүргөн ошол убакта Ак үй администрациясынын башчысы Гарри Холдеман. Ошондон бери "мыйзам жана тартип" дегенди ынды кара америкалыктар полициянын зордугу катары кабыл алат.

Тынч митинг башаламандыкка өтүп кетти

Ушул таптагы окуяларды Трамп ички терроризм деп атады. Улутка кайрылуусунда президент козголоңчулардын колу менен "кыялдары көз алдында талкаланып" жаткан чакан бизнес ээлери боюнча да токтолду. Көчөдөгү мародерлук тууралуу видео далилдер интернетте жайнап кетти. Демонстранттар витриналарды талкалап, товарларды алып чыгып, дубал, каалга-терезелерге чиймелеп кетип жатышат. Мисалы, Санта-Моникада Vans спорттук кийим дүкөнүнөн дээрлик баарын тоноп кетишти.

Fox 11 телеканалынын журналисттери көчөдөгү кишилерден кроссовки салынган кутуларды кайдан алгандарын сурашканда алар унчукпай эле жай өтүп кетип жатышты. Айланада бир дагы полиция кызматкери көрүнгөн эмес.

Ушундай эле нерселер өлкөнүн булуң-бурчунда болуп жатат. Бийликтин вандализмди токтотуу чакырыктары куру эле жаңыргандай. Менчик жайларды тынч демонстранттар жана бизнес ээлери өздөрү коргоп жатышат. Ошол эле Санта-Моникадагы дүкөндөрдүн биринин эшигинде "Зордукту токтоткула" деген жазуу менен бир кыз туруп алган. Аны түртүп салууга аракет кылып, ал түгүл түтөмө шашканы ыргытышкан, бирок кыз корккон эмес.

Көп өтпөй ага "Биз протестке чыктык, мародерлук кылган жокпуз" деген плакат менен ынды кара киши кошулган. Бул жаштар тынч митингди жаманатты кылып жаткан талап-тоноочуларга жолтоо болуу үчүн атайын шаардын борборуна келген.

Вашингтондогу митингчилер

Сан-Диегодогу окуя орус мафиясы тууралуу тамашаны эске салды. Ал жакта мурдагы СССРдин курамындагы республикалардан келгендер Pushkin аталган ресторанын талоончулардан коргоп калышты. Аталган жайдын кожоюну Айк Газарян өзү аракет кылышы керектигин тез эле түшүнгөн.

"Мендей эле республикачыл маанайдагы (митингчилерден айырмалана – ред. тактоосу) досторум көп. Жекшемби күнү жаман нерселер болорун аңдап баарына телефон чалып чыктым. Жарым саат өтпөй ресторандын алдына чогулушту. Тапанча, курал көтөргөн он эки киши элек. Курал-жарагыбыз расмий катталган, кантип колдонуу керектигин үйрөнгөнбүз. Менчигибиздеги жайларда жеке коргонуу үчүн аларды пайдаланууга укугубуз бар", — деп түшүндүрөт Газарян.

Алар Pushkin ресторанын гана эмес, ага удаа жайгашкан бир нече жайды, анын ичинде улгайган ирактык кишинин да алкомаркетин коргоп калышкан. Өлкөнүн бөлөк бурчунда, тагыраак, Нью-Йорктогу Бруклинде полиция аракет көргөнчө эле шаардыктар топтолуп, тартипти сактоону колго алышууда. "Биз коргоо үчүн чыктык. Расизмге каршы күрөштү жана протест кылуу укугун сыйлайбыз. Бирок үй-бүлөбүз менен жашаган жерди талкалоого эч кимдин укугу жок, — дешет күзөттүн уюштуруучулары Айзек Болтянски жана Дэвид Бродски. — Бизди коргобогон Нью-Йорктун мэрине уят эле".

Карантинден каршылык акциясына карай

Жергиликтүү бийликтин аракетсиздигине көпчүлүк нааразы. Нью-Йорктун мэри Билл де Блазиону мародерлорду жактоодо деп айыпташууда, өткөндө эле анын кызы көчөдөгү кагылышта кармалды. Штаттын губернатору Эндрю Куомого да ушундай эле күнөө тагышууда. Болбосо жакында эле аны коронавирус эпидемиясына каршы күрөштө баатыр катары көкөлөтүп жатышкан. Дүйшөмбүдө Де Блазио аскерлерди киргизүү кооптуу, бул кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн деген ойдо: "Куралдуу күчтөр киши жайгашкан райондорго кирсе, аягы жакшы бүтпөйт". Ошондой болсо да көчөдө полиция санын эки эсеге арттырып, төрт миңден сегиз миңге көбөйтүлдү. Шаарда коменданттык саат жарыяланган.

Улуттук гвардияны киргизүүгө башка аймактар да, негизинен демократтар эч ашыкпайт. Билл де Блазио келтирген аргументтерди Орегондун губернатору Кейт Браун, Иллинойстуку Жей Роберт Прицкер, Неваданыкы Стив Сисолак жана Мичигандын губернатору Гретчен Уитмер да кайталоодо. Вашингтон штатынын башчысы Жей Инсли аскердик бөлүктөрдү даярдыкка келтиргени менен шаарларга азырынча киргизбеди.

Анткен менен Трамп көчөгө аскерлерди өзү чыгарарын айтып коркутту. Башкы командачы болгону менен президент штаттардын аймагында федералдык куралдуу күчтөрдү өз билгениндей пайдалана албайт.

Бирок ал 1807-жылкы "Көтөрүлүш жөнүндөгү мыйзамга" таянса, Улуттук гвардия анын буйругу менен губернаторлорго карабастан аракетке кирет. Акыркы ирет аны Жорж Буш (улуусу) Лос-Анджелесте төрт ак жуумал полиция кызматкери тарабынан ынды кара киши сабалганда тутанган протест маалында колдонгон.

Бирок губернаторлордун митингчилер менен мамилени курчутпоого аракет кылганында саясий өңүт бар деп эсептейт Америка боюнча саясат таануучу Дмитрий Дробницкий. "Демократтардын башкы милдети – Трамптын экинчи мөөнөткө шайлануусуна жол бербөө. Протесттер баштала электе адамдарды карантинде кармап турууга мүмкүн болчу. Эми аларга ачуулануу акысын беришти, — дейт ал. — Демократтардын риторикасына ылайык, азыркы президент расист, коомдо жек көрүүнү жаратканы үчүн Трампты элге жаман көрсөтүү керек".

Эгер бүлгүнгө салган ушунча күндөн кийин президент башкарууну Улуттук гвардия менен колго алса, анда саясий упай топтойт. Анда демократтардын айткандары маанисин жоготот. Тартипке салган Трампка добуш беришет", — дейт серепчи.

Өлкөдөгү расалык дискриминацияга байланышкан кырдаал чындап эле үрөй учурарын баса белгилейт саясат таануучу. Протесттен кеп козгогондо муну да унутта калтырбоо абзел.

Демократтар Трамптын натыйжасыздыгын гана көрсөтпөстөн, азчылык арасында шайлоочуларды чочутуп албоого да тырышып жаткандарын айтат РФ Жогорку экономикалык мектеби улуттук изилдөө университетинин Европалык жана эл аралык комплекстик изилдөөлөр борборунун директорунун орун басары Дмитрий Суслов.

"Калктын ак жуумал эмес катмарынын колдоосунан ажырап калуудан абдан коркушат, дал афроамерикалыктар — шайлоодо Жо Байдендин негизги таянычы болуп саналат", — деп эске салат эксперт.

Анткен менен эки тарап тең кылдын кырында экенин кошумчалайт ал.

"Демократтар токтоо жана оома электоратты чочутуп алууну да тобокелге салып, Трампты жок кылууга аракет кылышууда. Ал эми Трамп дагы зордуктун күч алышына жана дагы көп өлүмгө алып келчү катуу чараларга барууда", — деп түшүндүрөт ал.

Америкалык коомдо ансыз деле жик кеткен. Протесттер тирештин тереңдигин даана көрсөттү. Карапайым адамдар полициянын кордугуна, талап-тоноолорго нааразы. Ал эми демократтар менен республикачылар мурдагыдай эле тил табыша албай келишет.

Жорж Буштун (улуусу) саясий карьерасында "Көтөрүлүш жөнүндөгү мыйзамдын" ролу кандай болгонун айтыш кыйын. Бирок 1992-жылы өткөн шайлоодо ал утулган. Трамп болсо катаалдыкка басым жасаганы айдан ачык. Эми аягы эмне менен бүтөрүн убакыт көрсөтөт.

21
Белгилер:
кайрылуу, Дональд Трамп, шайлоо, тополоң, расизм, башаламандык, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Унчукпай кутулушту. Ак үйдү митингчилерден кайтарган аскерлердин видеосу
Пентагон Вашингтондун аймагына 1,6 миң аскер жиберди
Учактагы стюардессалар жүргүнчүлөргө тамак алып келүүдө. Архивдик сүрөт

Учактан оору жуктуруп албаш үчүн эмне кылуу керек. Кеңеш

75
Адистер жүргүнчү оору жуктуруп албаш үчүн иллюминаторго башты, бетти тийгизип, кармалабаш керектигин эскертти.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Авиажүргүнчү учактын ичинен ар кыл вирустан сактаныш үчүн биринчи иретте төбө жагында турган желдеткичти иштетип коюшу керек. Бул туурасында жугуштуу оорулар боюнча адис Марк Жандро Daily Express басылмасына айтып берген.

"Негизи сиз дем алган аба учактын ичинде өзүңүз отурган креслону эсепке алганда экинчиден тарта бешинчи катарга чейинки жерде болот", — деген адис. Андыктан кондиционердин бетти көздөй урган абасы ошол жерге бактериялардын топтолушуна жол бербейт.

Вирус жуктуруп албаш үчүн гигиенаны сакташ керек, тагыраагы, колду таза кармаган маанилүү. Мындан сырткары, иллюминаторго башты, бетти тийгизип, кармалабаш керек. Башка жүргүнчүлөр дем алганда, жөтөлгөндө чыккан микробдор дал ошол жерге конуп калышы мүмкүн.

Эгерде жаныңыздагы киши ооруп жатса, сизге жугуу ыктымалдыгы 80 пайыз деп эсептей бериңиз.

Буга чейин окумуштуулар учакта аба аркылуу жуккан ооруларга жүргүнчүнүн чалдыгып калуу тобокелдигин изилдеп көрүшкөн. Андагы жыйынтык аба кемесиндеги кооптуу жер киши өткөн катар экенин көрсөткөн. Ал эми терезе, иллюминатор жакты коопсуз тарап дешкен. Адистер колдон келсе лайнердин ичинде көп баспай, тынч отурууга кеңеш берген.

75
Белгилер:
оору, кеңеш, вирус, жүргүнчү, учак
Тема боюнча
Коронавирустун экинчи толкуну башталары болжонууда. Кантип сактануу керек
Таиланддын королу коронавирустан 20 күң кызы менен мейманканада сактанууда
Ухандан чыккан эмес. Кытай окумуштуулары коронавирустун очогун иликтөөдө
Зомбулук көрсөткөн адам. Архивдик сүрөт

Жакындарына зомбулук көрсөткөн адамдын жазасы катуулайт. Өзгөргөн мыйзам

0
(жаңыланган 11:55 05.06.2020)
Аталган мыйзам үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын болтурбоо максатында Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "КР Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, аталган мыйзам үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын болтурбоо максатында Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жазык-процесстик кодексинин 504-беренеси толукталып, 1-3-бөлүгү боюнча үй-бүлөлүк зомбулук жасады деп шектелген адам төмөнкүдөй негиздер болгондо кармалышы мүмкүн:

  • Эгерде шектүү адам жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратса;
  • Эгерде шектүү мас абалында болуп, жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнө коркунуч келтирип жатса;
  • Эгерде шектүү адам жабырлануучуну жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн кордоону, аларга коркунуч келтирүүнү, уруп-сабоону, шылдыӊдоону, басмырлоону улантат деп болжогонго мүмкүндүк берүүчү негиздер бар болсо.
"Аталган өзгөртүүлөр менен жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында зомбулук жасоого шектүү адамды 48 саатка чейин кармоо чарасы каралган", — деп айтылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирери кошумчаланды.

0
Белгилер:
зомбулук, үй-бүлө, өзгөртүүлөр, мыйзам, президент, Кыргызстан
Тема боюнча
КРге донорлор үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү үчүн 200 миң доллар бөлдү
Мурдагы жигитиңди эстебейм деген. Күйөөсүнүн кордугунан чарчаган келиндин каты