Коронавирус менен гриппти кантип айырмаласа болот. Түшүндүрмө

© Пресс-служба Департамента здравоохранения города Москвы / Медиабанкка өтүүБольница в Коммунарке примет пациентов с подозрением на коронавирус
Больница в Коммунарке примет пациентов с подозрением на коронавирус - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, 11-март күнү кечке маал дүйнө жүзү боюнча вирусту жуктуруп алгандардын саны 121 миң киши болчу. Аны бир түндүн ичинде дагы беш миң киши жуктуруп, ооругандардын жалпы саны 126 миңден ашты.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. 12-мартка караган түнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөгө коронавирус пандемиясын жарыялады. Ал эми жаз алды менен курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялар (КРВИ) дагы пайда болушу мүмкүн.

Мындан улам РИА Новости адистердин пикирине таянып COVID-19 вирусу менен КРВИнин белгилерин кантип айырмалоо керектигин жазып чыкты.

COVID-19 коронавирусунун белгилери:

Адам жуктуруп алгандан кийин анын белгилери 2–14 күндө билине баштайт.

Кургак жөтөл

Суук тийгизип, бронхит же КРВИге кабылганда жөтөлө баштагандан көп өтпөй эле какырык бөлүнүп чыга баштайт. Коронавируста кургак жөтөл көпкө созулат.

Дене табы

Грипп же сасык тумоо учурундагыга караганда төмөнүрөөк болот. Мисалы, көпчүлүк учурда 39 градуска жетип-жетпей жүрө берет.

Дем алуу

Коронавирус жабышкан адамдын дем алуусу оорлойт. Анткени COVID -19 өпкөнү жабыркатып, пневмония илдетин пайда кылат. Вирусту жаңы жуктуруп алгандар дагы айланадагыларга коркунуч жаратат, өзгөчө жашы өтүп калгандар үчүн кооптуу.

Кимге тез жугушу мүмкүн

Гонконгкто шаардыктар медициналык маскачан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чукул кабар! Коронавирус пандемиясы жарыяланды
COVID-19 кичине балдар менен өспүрүмдөргө көп жукпайт. Ага көбүнчө 40 жаштан өтүп калгандар кабылууда. Ошондой эле дем алуу органдарында өнөкөт оорулары, жүрөк-кан тамыр илдеттери жана кант диабети барлар сак болуусу керек.

Белгилей кетсек, 11-март күнү кечке маал дүйнө жүзү боюнча вирусту жуктуруп аландардын саны 121 миң киши болчу. Аны бир түндүн ичинде дагы беш миң киши жуктуруп, ооругандардын жалпы саны 126 миңден ашты. Анын ичинен 4630 киши көз жумду.

Ал ортодо Кытай бийлиги бул өлкөдө коронавируска кабылгандардын 77,7 пайызы сакайып кеткенин айтты. Акыркы маалыматтарга караганда, ушул тапта Кытайда 80 793 киши вирус жуктурган. Алардын 62 миңден ашыгы жакшы болуп кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0