Нефть платформасы. Архив

Мунай согушу: батыш эксперттери жеңүүчүнү боолголошту

366
(жаңыланган 14:11 12.03.2020)
Дүйнө арзан нефтинин дооруна кайтууда. Ири өндүрүүчүлөр казуунун көлөмүн көбөйтмөкчү болушту, бул төмөнкү баанын бир топко чейин кармалып турушун шарттайт.

Ушу тапта эксперттер түзүлгөн кырдаалда ким көбүрөөк тобокелдикке барарын божомолдоп жатышат. Кимдир бирөө экономикалык кыйроого тушугушу мүмкүн, ал эми бул согушта жеңүүчү болуп чыккан тарап эл аралык рынокто үлүшүн көбөйтүп, таасирдүү оюнчуга айлана алат. Мунай жаатында жаралган кырдаалга РИА Новости көз салды.

Ушуну көрмөк

Акыркы күндөрү мунайдын дүйнөлүк рыногу 1991-жылдан бери, башкача айтканда, АКШ Иракка басып киргенден тарта боло элек абалга кептелди. Алгач Россиянын ОПЕК менен нефть казуунун көлөмүн кыскартуу боюнча түзүлгөн макулдашууга кол коюудан баш тартканына Сауд Аравиясы өз нефтисине болгон бааны алты-он долларга арзандатып жооп берди. Ал эми шейшемби күнү Эр-Рияд февралга салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмүн 26 пайызга жогорулатарын жар салды.

Натыйжада сунуш менен талаптын ортосунда дисбаланс пайда болду. Түзүлгөн кырдаалга Эр-Рияд Москваны күнөөлөп жаткан маалда батыштын эксперттери кризиске саудиттерди айыптап жатканы кызык.

"Сауд Аравиясы Москвадан ультиматум тили менен казуунун көлөмүн суткасына 1,5 миллион баррелге кыскартууну талап кылды. Өзүн толук кандуу өнөктөш деп эсептеген Москваны дал ушул жагдай кыжырлантты", — деп түшүндүрмө берди Financial Times.

Аравиялыктардын казуунун көлөмүн көбөйтүп, аны арзан сатуу аракетин байкоочулар "Россияны жазалоо" чарасы катары кабылдап жатат.

"Буга чейин Сауд Аравиясы ири оюнчулар ортосундагы кызматташууну колдоп өз позициясын жана нефть рыногундагы кирешесин сактап каларына ишенип келген. Эми саудиттер түзүлгөн жагдайда таптакыр тескери аракеттерге барып, Россия жана АКШ менен "ойной" баштады", — дейт Bloomberg агенттигинин баяндамачысы Дэвид Фиклинг.

Батыштын эксперттери Россиянын реакциясы негиздүү деп эсептешүүдө.

"Орустар кандайдыр бир чара көрүүдөн мурун коронавирустун рынокко тийгизген таасиринин толук картинасын көргүсү келерин айтышты. Бирок Москва да америкалык сланец өндүрүшүн сынап көрүүгө ыктап турат. АКШнын россиялык энергетика компанияларына киргизген санкциялары, "Роснефтинин" ишмердүүлүгүн чектөө жана "Түндүк агым — 2" долбоорунун аягына чыгууга тоскоол болуусу Москванын ачуусун келтирди", — деп жазат Financial Times.

Zerohedge аналитикалык порталынын негиздөөчүсү Тайлер Дарден ОПЕК көп жылдан бери кризиске малынып отурганын белгилеп, толук кыйроодон аны Россиянын "геостратегиялык максаттарын орундатып кызмат көрсөтүүгө" даярдыгы гана сактап келгенин кошумчалады. Бирок Москва деле альянсты кайра-кайра сактай берүүгө даяр эмес.

"Коронавирустан улам чыккан паниканын фонунда ОПЕК нефть казуунун көлөмүн кыскартууну талап кылды. Бирок Москва "жок" дей алды", — деди аналитик.

Дардендин айтымында, Москва өз күч-кайратын көрсөтүү үчүн өтө ыңгайлуу учурду тандап алды. "Батыш Россияга Россия болгону үчүн тынбай чабуул жасап келет. Кремль акыры АКШнын Иран, Ирак, Сирия, Украина, Йемен, Венесуэла, Афганистандагы туура эмес аракеттери үчүн жооп берди. Эми Путин ОПЕК мамлекеттери менен Вашингтондун болушунча артка чегинишин талап кылып, максатына жетет", — деди эксперт.

Ким чыдамкай

"Нефть рыногунда башталган согуштан күчтүүсү эмес, чыдамдуусу жеңүүчү болуп чыгат", — дейт Дэвид Фиклинг.

Бул көз караштан алып караганда, аналитиктер Сауд Аравиянын позициясын өтө эле алсыз деп баалашууда. Негизи саудиттер нефтини өтө арзан баа менен деле каза беришет. Бирок өлкөнүн кара алтындан түшкөн каражаттын негизинде түзүлгөн бюджети баррели 85 доллардан сатылган чекке байланган. Башкача айтканда, нефтиден киреше түшө бергени менен мамлекеттин экономикасы жалпы жонунан бир топ запкы тартат.

"Бюджетти карап көрсөңөр эле Сауд Аравиясы Россия же АКШга караганда нефтиге болгон баадан өтө эле көз каранды экени билинет. Элден керектөөнүн көлөмүн азайтууну да талап кыла алышпайт, антсе эле нааразычылыктар чыгат", — деп ой жүгүртөт Тайлер Дарден.

Saudi Aramco компаниясынын баанын түшүшү боюнча билдирүүсүнө комментарий берип жатып, Сауд Аравия бийлигинин өкүлү The Wall Street Journal гезитине бул "рыноктогу Россиянын үлүшүн тартып алуу боюнча агрессивдүү өнөктүктүн элементи" деп жооп берген. Бирок азырынча Эр-Рияддын мындай аракеттеринен АКШнын сланец өндүрүүчүлөрү гана жабыр тартууда.

Анык жеңүүчү

Chesapeake Energy компаниясынын акциялары 27,5 пайызга, EOG — 35, Continental Resources — 40, Diamondback Energy — 44,6, Marathon Oil — 47 пайызга түшүп кетти. Ал эми Apache жана ага окшогон майда оюнчулардыкы 50 пайызга чейин төмөндөдү.

"АКШнын сланец тармагы дээрлик жок болду. Рынокто кандуу булоон өкүм сүрүүдө. Капиталдан миллиарддаган доллар агып кетти", — деп мүнөздөмө берет Bloomberg агенттигинин энергетика боюнча кабарчысы Жавье Блас.

"Баа Американын сланец өндүрүшү кыйын кезди башынан кечирип жатканда түштү. Акыркы он жылда көлөмү көбөйгөнү менен бул тармак ушу кезге чейин карызга алган акчанын эсебинен жашоодо", — деп жазды Financial Times.

"Сланец өндүрүшүн таптакыр жок кылчу аракеттер жыл аягында башталат", — дейт Тайлер Дарден.

Баалардын түшүүсүнөн белдүү нефть-газ компаниялары да четте калган жок. Ал эми Россиянын Финансы министрлигинин маалыматы боюнча Улуттук бакубатчылык фондунун каражаты алты-он жыл аралыгында нефть баасынын 25-30 долларга чейин түшүп кетүүсүн жабууга жетет.

"Согушка кошулган мамлекеттер бир нече айдан кийин жеңип чыгарына ишенет. Бирок убакыттын өтүшү менен атаандашы алда канча алдуу-күчтүү экенине күбө болушат. Эгер ОПЕК+ картелиндеги кризис көпкө созула турган болсо, Москва аягына чейин турат", — дейт Дэвид Фиклинг.

"Бир нече күндөн кийин рынок тынч алат, дүрбөлөң басылып, нефть кризиси унутта калат. Бирок азыркыдан да оор шартта кайтып келиши ыктымал. Эгер ошондой боло турган болсо, Россиядан жардам сурап Сауд Аравиясы же түрктөр эмес, АКШ менен Европа келип калышы толук мүмкүн", — деп эскертти Тайлер Дарден.

366
Белгилер:
рынок, өндүрүш, Сауд Аравиясы, АКШ, Россия, нефть
Тема боюнча
Коронавируска чалынган ОПЕК. Россия картель менен эки ача жолго түштү
Газ кыйсыпыры: дүйнөдө эмне болуп жатат?