Кетеринде жат болуп. Ханзада Гарри менен аялы Меганды туугандары узаткан видео

© AFP / PHIL HARRISГерцог менен герцогиня Сассекс Британиянын падышалык үй-бүлөсүнүн мүчөсү катары акыркы жолу эл алдына чыгышы
Герцог менен герцогиня Сассекс Британиянын падышалык үй-бүлөсүнүн мүчөсү катары акыркы жолу эл алдына чыгышы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жуманын башында герцог менен герцогиня Сассекс Британиянын падышалык үй-бүлөсүнүн мүчөсү катары акыркы жолу эл алдына чыгышты.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Ханзада Гарри менен анын жубайы Меган Маркл падышалык үй-бүлө мүчөсү катары акыркы жолу коомчулукка чыккан учурун интернет колдонуучулары кызуу талкуулап жатышат. Алардын айтымында, видеодон жубайлардын туугандары аларды жактырбай койгону байкалып калган.

Гарри менен Маркл 9-март күнү Улуттун достук күнүнө карата уюштурулган иш-чарага катышышкан.

Маалыматтарга караганда, жубайларга падышалык үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу келүүгө уруксат берилген эмес. Мындан улам алар элден мурун келип, башкаларды күтүп турууга аргасыз болушкан.

Улуу Британия ханышасынын небере келини Меган Маркл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дүйнөнү дуу кылган Меган Маркл. "Эрке келин" тууралуу 9 факты
Иш-чара учурунда Гарринин туугандары аларды жактырбай койгонун The Daily Mail басылмасы жазды. Ошондой эле Кейт Миддлтон менен Уильям жубайларды көргөндө ызага батып кеткени белгиленген.

Меган Маркл ханзада Уильям менен эки ирет учурашкан, себеби биринчисинде ал унчукпай койгон. Ханзада Марклга баш ийкемиш болуп, терс бурулуп отуруп алган.

Айрым чет элдик интернет басылмалар ханзада Гарри ойго батып, санаа тартып жаткандай көрүнгөнүн жазышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0