Коронавирус пандемиясынын качан бүтөрү айтылды

© AFP / JOHN MOOREКызматкерлер дезинфекциялоодон кийин коопсуз костюмдарды чечип турган убакытта. Архив
Кызматкерлер дезинфекциялоодон кийин коопсуз костюмдарды чечип турган убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта коронавирус пандемиясы тууралуу коңгуроо какты. Вирус 100гө чукул өлкөдө 126 миңден ашуун адамга жуккан.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Дүйнөнү аралаган COVID-19 коронавирус пандемиясына каршы тиешелүү катуу чаралар көрүлсө, ал 2020-жылдын июнь айынын соңунда бүтүшү мүмкүн. Бул туурасында China Press Кытайдын Саламаттыкты сактоо маселеси боюнча мамлекеттик комитетинин атайын эксперттик комиссиясынын башчысы Чжунь Наньшанга шилтеме кылып билдирген.

"Божомолго караганда, эпидемия бүт дүйнө боюнча июнь айына чейин тарайт. Коронавирус менен күрөшүүдө басым эми экспортко эмес, импортко каршы турууга жасалмакчы", — деди башкы эпидемиолог маалымат жыйында.

Ал муну менен катар эле Кытайга келгендерде оору билинбей өтүп жаткандыгын билдирген.

"Ооруп айыккандар арасында вирус экинчи ирет жуккандар бар, бирок алар боюнча көрсөткүч аз", — деп кошумчалады ал.

11-марттын түнүндө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус боюнча пандемия болгонун жарыялаган.

COVID-19

 Учения спецслужб аэропорта возможному прибытию инфицированных коронавирусом в аэропорту Алматы - Sputnik Кыргызстан
Борбор Азия өлкөлөрүнүн коронавируска каршы камы кандай?
2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Учурда ал дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнө тарап, жуктуруп алгандардын саны 126 миңден ашты. Алардын ичинен 4638 киши каза болуп, 68 284ү сакайды. Ал эми расмий маалыматтарда Кыргызстанда вирус жуктуруп алгандар жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0