Дарыгер: медициналык маска коронавирустун жугуу тобокелин көбөйтөт

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЗапуск производства тканевых масок в Новосибирской области
Запуск производства тканевых масок в Новосибирской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис маска кийген адамдар сөзсүз түрдө тийиштүү эрежелерди сакташы керектигин белгиледи. Анын айтымында, бет капты туура эмес колдонгондор вирусту тез эле жуктуруп алышы мүмкүн.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Медициналык маскалар коронавирустун жугуу тобокелин көбөйтөт. Бул тууралуу The Independent британиялык окумуштууларга шилтеме берип жазды.

Дарыгер Женни Гаррис маска вирусту "кармап" алгандыктан адам дем алганда зыяндуу бактериялар организмге кирип кетиши мүмкүн экенин айтты.

"Адамдар ар дайым эле маска тагып жүрүшпөйт. Алар үйгө барганда масканы ар кайсы жерге таштап коюшу мүмкүн. Ошондой эле колун жуубастан аны кармалашат, чечип коюп кофе ичишет ошол учурда тканга коронавирустун микробдору кирип, адамга жугат", — деди Гаррис.

Адис бет кап кийген адамдар тийиштүү эрежелерди сакташы керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0