Россия менен Түркия Идлибде биргелешип көзөмөл жүргүзө баштады

© Sputnik / Михаил Алаеддин / Медиабанкка өтүүРоссийская военная полиция в сирийской провинции Идлиб
Российская военная полиция в сирийской провинции Идлиб - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
5-март күнү Россия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин жана Режеп Тайип Эрдоган Идлиб провинциясындагы абалдын курчушуна байланыштуу жолугуп, сүйлөшүшкөн.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Россия менен Түркиянын аскерлери эки өлкө лидерлеринин сүйлөшүүсүнөн кийин Сириянын Идлибиндеги М-4 трассасын биргелешип көзөмөлдөй башташты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ага ушу тапта Россиядан аскердик полициянын взводу сооттолгон техникасы менен катышууда. Бардык иштерди Россия-түрк биргелешкен координациялык борбору тескеп жатат.

Патруль ишин Трумба калктуу конушунан М-4 трассасын бойлой баштады. Ага чейин көзөмөл жүрчү аймакта инженердик чалгындоо жүргөнү айтылды.

Идлибдеги элдешүү: сириялыктардын тынч жашоосуна берилген мүмкүнчүлүк - Sputnik Кыргызстан
Идлибдеги элдешүү: сириялыктардын тынч жашоосуна берилген мүмкүнчүлүк
Биргелешип көзөмөл жасоо Сириянын маанилүү деп эсептелген М-4 (Латакия — Алеппо) трассасы менен жүрчү элдин коопсуздугун эле эмес, куралдуу согушка жол бербөөнүн кепилдиги да болушу каралган.

Белгилей кетсек, 5-март күнү Россия менен Түркиянын президенттери Владимир Путин жана Режеп Тайип Эрдоган Идлиб провинциясындагы абалдын курчушуна байланыштуу жолугуп, сүйлөшүшкөн. Натыйжада биргелешкен документ кабыл алынып, тараптар кырдаалды жөнгө салууда "Астана форматы" пайдаланыларын айтышкан. Мындан тышкары, ок атууну токтотуп, 15-марттан тарта М-4 трассасына биргелешип көзөмөл жүргүзүүгө макулдашышкан. Жакын арада аталган жолдо кыймыл кадимкидей жанданат деп айтылууда.

Ал эми БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Россия-түрк сүйлөшүүлөрү Сириядагы согушту токтотот деп үмүр артарын белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0