Карантин учурунда кандай тамактануу керек. Кеңештер

© Фото / Pixabay / difisherДомашний холодильник
Домашний холодильник - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үйгө жакшы көргөн азык-түлүктү көп алып албаш керек. Анткени адам аны басып-туруп жей берип, кантип толуп кеткенин билбей калат. Андан көрө эмне жегенин жазып турган күндөлүк ачуу сунушталды.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Россиялык диетолог Иван Алименко Sputnik радиосуна үйдө отуруп иштегендер же карантиндегилер семирип кетпеш үчүн кандай тамактануусу керектигин айтып берди.

Адистин берген кеңешине ылайык, үйгө жакшы көргөн азык-түлүктү көп алып албаш керек. Анткени адам аны басып-туруп жей берип, кантип толуп кеткенин билбей калат. Андан көрө эмне жегенин жазып турган күндөлүк ачуу сунушталды.

"Эгер сиз карантин режиминде болсоңуз, дүкөнгө бат-баттан барып туруңуз. Азык-түлүктү, айрыкча жакшы көргөн тамактарды аз-аздан алыңыз. Үйгө алаксыткан тамактарды алып алгандар албагандарга караганда тогуз килограммга салмак кошот. Жакшы көргөн тамак-ашты бир эле жолу жегендей кылып азыраак алуу керек", — деди Алименко.

Ал салмак кошууну каалабагандар эмне тамак жегенин жазып туруу үчүн күндөлүк ачып, калорияны эсептеп турушу керек деп эсептейт.

"Аябай ачка болбош үчүн үч саат сайын тамак ичип, аны күндөлүккө жазып, калорияны эсептеп турсаңыз эле ашыкча салмак кошпойсуз", — деди диетолог.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму басып-туруп тамак жебей, толук кандуу тамактануу керек экенин айтып, бат-баттан суу ичип турууну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0