Кучакташып, оролуп, чимириле бийлеген жыландар. Индиядагы видео

© flickr.com / Chris ParkerЗоопарктагы питон
Зоопарктагы питон - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым интернет колдонуучулар жыландар нике бийин бийлеп жатат десе, кээ бирлери эркек жыландар бири-бири менен салгылашып жатышы мүмкүндүгүн жазышкан.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Индиянын Бангалор шаарынын жашоочусу гольф талаасында эки жыландын чимириле бийлеп жаткан учурун видеого тартып алганын NDTV басылмасы жазды.

​Васуда Варма гольф ойноп жатканда жыландардын өзгөчө кыймылын байкап калган. Алар обочороок жерде бири-бирине оролуп, чимирилип, кучакташкандай элес калтырган.

Видео аз убакыттын ичинде 10 миңден ашуун көрүүчүнү топтогон. Комментарийде катталуучулар бул сойлоп жүрүүчүлөр уулуу эместигин, алар курмандыгын муунтуп өлтүрөрүн жазышкан.

Айрымдар алар нике бийин бийлеп жатат десе, кээ бирлери эркек жыландар бири-бири менен салгылашып жатышы мүмкүндүгүн жазышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0