Коронавирус күн ысыганда жоголот деген божомол жокко чыгарылды

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүЭркек киши менен аял медициналык маскачан
Эркек киши менен аял медициналык маскачан - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-марттын түнүндө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемиясын жарыялаган. Андан бери Борбор Азиянын эки өлкөсүнөн вируска кабылгандар аныкталды.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Күндүн жылышы менен коронавирус жоголот деген божомолдор анчалык негиздүү эмес. Мындай пикирин РИА Новости агенттигине Россиянын Илимдер академиясынын кызматкери, медицина илимдеринин доктору Борис Ревич билдирди.

"Абанын температурасы канчалык көтөрүлгөн сайын коронавирус ошончолук алсызданат деген ишеним пайда болууда. Бирок бул жөн гана айрымдардын фантазиясы. Ойлоп көрсөңөр, вирус кышкысын 10 градус жылуу болгон Ухань шаарынан келди", — деди илимпоз.

Кыргыз сом жана доллар - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус акча аркылуу жугары аныкталды. Вирус кагазда канча күн жашайт
Анын айтымында, азыр вирус кайдан келип чыгып, алгач кимге жукканы тууралуу маалыматтар дагы деле акырына чейин иликтенип бүтө элек. Андыктан анын кандай учурда, кантип жок болорун дагы эч ким билбейт.

Эске салсак, 11-марттын түнүндө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемиясын жарыялаган.

Андан бери Борбор Азиянын ичинен Казакстан менен Өзбекстанда бул вирусту жуктуруп алгандар аныкталды. Азырынча Кыргызстанда коронавирус жок.

Акыркы маалыматтарды айта турган болсок, дүйнө жүзү боюнча 169 миңден ашык адам жуктуруп алды. Алардын 6513ү каза таап, 77 миңден ашуун киши сакайды.

Жаңылыктар түрмөгү
0