Коронавируска анализ жасоочу мобилдик лаборатория

Россия, Казакстан жана Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө

361
(жаңыланган 18:18 22.04.2020)
Акыркы маалыматтарда дүйнө жүзү боюнча 182 миңден ашык адам жуктуруп алды. Анын ичинен 7154ү каза тапты.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Соңку бир сутканын ичинде дүйнөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 13 миңден ашты. Мындай маалымат Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтына жарыяланды.

Ал эми Россияда вирус бир суткада 30 адамга жугуп, ооругандардын саны 93кө жетти.

Коңшу Казакстанда 13 адам ооруга чалдыкты. Арасында 12 жаштагы кыз менен эки жашар бөбөк бар. Өзбекстанда сегиз кишиге вирус жукканы айтылды. Негизинен алардан Франция, Германия жана Италиядан кайтып келгенден кийин коронавирус аныкталган.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруу факты катталган жок.

Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча 182 миңден ашык адам жуктуруп алды. Алардын 7154ү каза таап, 79 миңден ашуун киши сакайды.

361
Белгилер:
Россия, Өзбекстан, Казакстан, Дүйнө, коронавирус
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (753)
Тема боюнча
Россия чет элдиктер үчүн чек арасын убактылуу жабат. Коронавирус кесепети
АКШда массалык нааразычылык акциялары

Эми каргалар чыгат. Косачев РФтин АКШдагы ызы-чууга күнөөлөнүшү боюнча үн катты

8
(жаңыланган 18:50 01.06.2020)
АКШнын улуттук коопсуздук боюнча экс-кеңешчиси Сьюзан Райс учурда болуп жаткан зомбулук акцияларынын артында Россия турушу мүмкүн деген билдирүү тараткан.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. АКШдагы толкундоолорду уюштурууга Россияны күнөөлөө фейктерге негизделген антироссиялык кезектеги кампаниянын бир эле чети болушу мүмкүн. Бул туурасында Федерация кеңешинин эл аралык комитет боюнча төрагасы Константин Косачевдин айтканына таянып РИА Новости жазды.

АКШнын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Сьюзан Райс Кошмо Штаттарда учурда болуп жаткан зомбулук акцияларынын артында Россия турушу мүмкүн деген билдирүү тараткан. Анткен менен Райс колго аларлык жүйө келтире алган эмес. "Башталды. Американын фейк жаңылыктары боюнча машиналары кыйчылдап, демигип, зоругуп, мурда белендеп койгон аракеттери менен чыга калды", — деп жазган Косачев Facebook тармагына.

"Бул өтө эле күлкүлүү нерсе болушу керек эле. Бирок ойлонтот, себеби булар биринчи чабалекейлер болушу мүмкүн. Анын артынан каргалардын жоон тобу пайда болуу ыктымалдуулугун эч ким четке кага албайт", — деген сенатор.

Ал былгыган нерсе Россияда эместигин билдирген.

Парламентарийдин айтканына караганда, расмий Вашингтондун "Американын шаарларында болуп жаткан үрөй учурган окуялар аларды акылына келтиргенине, жабыркагандарга жана дагы жабыркай тургандарга да чын дилинен кейип жаткандыгына" ишенгиси келет.

Буга Косачев "акыл менен ченеп-өлчөп, улуттук трагедияда саясий оюндарды ойногонго жол бербестир" деп кошумчалаган.

Депутат аны менен бирге эле Райс "бул жерде такыр катыштыгы жок Россияны эле эмес, өз элин жана каза болгон Жорж Флойдду да түздөн-түз мазактап жаткандыгын" белгиледи.

Башаламандыктар Миннеаполисте жана башка бир катар шаарларда афроамерикалык Жорж Флойд полиция кызматкеринин колунан каза тапкандан кийин башталды.

Интернетте полиция кызматкерлери Флойддун колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп баса калган видео тараган. Бирөөнүн тизеси кармалгандын моюн жагына туш келген. Флойддун дем жетпей бара жатат деп бир нече жолу айтканын угууга болот. Андан кийин тынчып калганы видеого түшүп калган. Афроамерикалык реанимацияда көз жумган. Митинг башталгандан кийин төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө "кокусунан өлүмгө дуушар кылган" деп айып тагылган.

8
Белгилер:
өлүм, саясат, Россия, АКШ
Тема боюнча
ЖМК: АКШдагы башаламандыкта 4 миңдей киши кармалды
Миннеаполистеги нааразычылык акциясынын учурунда полиция кызматкерлери

ЖМК: АКШдагы башаламандыкта 4 миңдей киши кармалды

54
(жаңыланган 18:22 01.06.2020)
АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин өткөн жума күнү башаламандык башталган. Ушул тапта дагы элдин толкуну басылбай жатканы айтылат.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу башаламандык учурунда полиция 4 миңдей адамды кармады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга таянып РИА Новости жазды.

Учурда коменданттык саат жарыяланганына карабай, көчөлөрдө митингдер өтүүдө. Ызырынган эл дүкөндөрдү тоноп, полициянын кууганына карабай көчөдө жүрөт. Өлкөнүн 21 штатында нааразы болгондордун демин басуу үчүн Улуттук гвардиянын аскерлери иштеп жатканы айтылат.

Эске салсак, АКШда афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнө байланыштуу өткөн жума күнү нааразылык акциялар башталган.

Интернетте полиция кызматкерлери Флойддун колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп баса калган видео тараган. Бирөөнүн тизеси моюн жакка туш келген. Флойд бир нече жолу "дем ала албай жатам" деп айтып, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот. Эркек киши реанимацияда көз жумган. Митинг башталгандан кийин төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө "кокусунан өлүмгө дуушар кылган" деп айып тагылууда. Ал арада АКШ президенти Флойдду кармаган полиция кызматкерлеринин жоругун "акылга сыйгыс" деп атаган. Башаламандык күч алганда бийлик бир нече шаарга коменданттык саат киргизген.

54
Белгилер:
полиция, башаламандык, митинг, АКШ
Тема боюнча
Жабырланган журналист. РФ элчилиги АКШнын мамдепартаментине нота кетирди
Жол кырсык. Архивдик сүрөт

Тамтыгы калбай калыптыр! Кантта кагышкан үч автоунаанын видеосу

0
Жол милициясынын берген маалыматы боюнча, кырсык болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон. Эки киши жабыркаганы айтылды.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Кантта үч автоунаа кагышкан жол кырсыгы катталганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Окуя болгон жерден тартып алынган видео "Короче" Telegram-каналына жарыяланды.

Жол милициясынын билдирүүсү боюнча, кырсык болжол менен саат 17.00дөр чамасында болгон. Эки киши жабыркаганы айтылды. Каза болгондор жок.

Алдын ала маалыматка ылайык, кырсыкка Honda Odyssey, ВАЗ 2107 жана Hyundai автоунаалары кабылган.

Кадрдан окуяга күбө болгондор капталына оодарылып калган Honda Odyssey машинасын тургузуп жатканын көрүүгө болот.

Ушу тапта ЖКККББ кызматкерлери иштеп жатышат, кырсыктын себеби такталууда.

0
Белгилер:
окуя, күбө, милиция, Кант, жол кырсык
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Түндө Кубакы ашуусундагы автокырсыктан бир аял каза тапты
Бишкекте милициянын унаасы жол кырсыгына кабылды. Күбөнүн видеосу
Тосмого урунган автоунаа. Бишкектин чок ортосундагы жол кырсыгынын видеосу