Facebook, Instagram, Twitter жана Google тиркемелери. Архив

Коронавирус боюнча фейк маалымат менен Facebook, Google, Microsoft чогуу күрөшөт

80
(жаңыланган 12:04 17.03.2020)
Компаниялар башка фирмаларды коронавируска каршы күрөшкө кошулууга чакырып, "коомчулук ден соолукта жана коопсуздукта болушу үчүн" иштөө керектигин айтышты.

БИШКЕК, 17-мар. – Sputnik. Америкалык Facebook, Google жана Microsoft, андан сырткары, LinkedIn, Reddit, Twitter менен YouTube коронавирустун жаңы тиби боюнча жалган маалыматтарды тараткандар менен күрөшө тургандыктарын айтышты. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Бул боюнча алар биргелешип билдирүү жасады.

"Биз COVID-19 вирусуна каршы туруу жаатында күчүбүздү бириктирип, кызматташып жатабыз. Миллиондогон адамдардын бири-бири менен байланышта болуп туруусуна жардам беребиз. Аны менен катар эле вирус боюнча жалган маалымат таратып, алдамчылык кылгандар менен күрөшөбүз. Биздин платформада саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик органдар менен эриш-аркак иштеп, туура жана абдан маанилүү делген маалыматтарды дүйнөгө жайылтабыз", — деп айтылат Facebook тараткан маалыматта.

Компаниялар башка фирмаларды да ушуга окшогон кадамдарга чакырып, "коомчулук ден соолукта жана коопсуздукта болушу үчүн" иштөө керектигин айтышты.

АКШда коронавирус жуктуруп алгандардын саны учурда 4,6 миң адамга жетип, 85 адам жашоо менен коштошту. Америка бийлиги жарандарды бара турган жайлардан баш тартып, үйдөн иштеп, окууга чакырды. Бир жерге 10дон ашуун кишинин топтолушуна жол бербөөнү, 15 күнгө чейин кафе, бар, ресторандарга барбай турууну сунуштады.

Бир катар штаттар менен муниципалитеттердин бийлиги жабыр тарткан райондордо карантин киргизди.

17-март, эртең мененки маалыматка ылайык, коронавирус менен ооругандардын саны 182 405ке жетип, 7 154 адам көз жумду. Ал эми айыккан бейтаптардын саны 79 433.

80
Белгилер:
карантин, күрөш, коронавирус, Twitter, Microsoft, Google, Facebook, АКШ
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус (1104)
Тема боюнча
Коронавирус менен күрөш: ЕАЭБ өлкөлөрү бири-бирине жардам бермей болду
Коронавирустун тездик менен тарап жаткан себеби айтылды
Баткен облусунда чек ара бекетиндеги мунара. Архив

Асманга ок атылды. Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты

767
(жаңыланган 22:51 25.10.2020)
Тажик жарандары Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп жатканда кыргыз чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында чатак чыкканын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн, 25-октябрда, саат 17:00дөр чамасында тажик жарандары Баткен облусунун Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп башташкан.

"Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары барып, тактала элек аймактагы ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок тажик тарап баш ийбей кайым айтышкан. Аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана саламаттыгын сактоо максатында, ошондой эле абалдын курчуп кетпеши үчүн Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарууга аргасыз болушту", — деп айтылат маалыматта.

Учурда түтүк өткөрүү иши токтотулду. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ага жергиликтүү бийлик органдары менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышып жатат.
Мамлекетик чек аранын аталган аймагында абал туруктуу деп бааланды.

767
Белгилер:
ок атуу, Жаңжал, Мамлекеттик чек ара кызматы, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз-өзбек жумушчу тобу чек арадагы чечиле элек тилкелерди карап чыгышты
Джастин Гэтжи менен Хабиб Нурмагомедов беттешүү учурунда

Хабиб мыкты беттеш тартуулаганы үчүн кошумча 50 миң доллар алат

351
(жаңыланган 18:24 25.10.2020)
Бишкек убактысы менен 25-октябрга караган түнү Нурмагомедов каршылашын экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпиондук наамын сактап калды.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедовго мыкты беттеш тартуулаганы үчүн гонорарынан сырткары бонус берет. Бул тууралуу Дана Уайт маалымат жыйынында айтканын "Известия" жазды. 

Нурмагомедов беттешкени үчүн канча сый акы алары белгисиз. Ал эми бонустун суммасы 50 миң долларды түзөт.

Хабибден тышкары ушунча акчаны молдовалык Ион Куцелабаны нокаутка кетирген россиялык Магомед Анкалаев дагы алмакчы.

Макгрегор эзелки атаандашы Нурмагомедовдун Гэтжи менен беттеши боюнча үн катты

Бүгүн түнү Нурмагомедов каршылашын экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпиондук наамын сактап калды. Хабиб бул анын акыркы кармашы болгонун жар салды. Мындай убадасын апасына атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болгондон кийин бергенин айтты.

351
Белгилер:
сый акы, бонус, беттешүү, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Хабиб менен Гэтжи беттешкен UFC 254 турниринин эң кызуу ирмемдери. Видео
Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев. Архив

Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигиндеги көйгөйлөрдү ачыктады

157
(жаңыланган 00:23 26.10.2020)
Министрдин айтымында, ведомство Советтер Союзунан бери өзгөрбөгөндөй сезим калтырган. Анда керек болсо жылуулук жок экенин белгилеген.

БИШКЕК, 26-окт. – Sputnik. Айыл чарба министрлигинде жаңыланууну талап кылган нерселер көп экен. Бул тууралуу министр Тилек Токтогазиев өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып билдирди. 

Ал кыска мөөнөттүн ичинде өзгөртүүлөрдү жасап, анда иштеп жаткан адистерге жакшыраак шарт түзүп берүүгө аракет жасай турганын белгиледи.

35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме

“Башка министрликтерге салыштырмалуу бул жактын айлыгы аз экен. Жакшы адистерге жакшы маяна төлөп бергидей кылышыбыз керек. Иштөө шарттары дагы начарыраак экен, мисалы жылуулук жок, суук. Ушунун баарын акырындык менен ордуна алып келебиз. Документтердин бардыгы кагаз түрүндө экен. Аны электрондук форматка өткөрүү зарыл”, - деди министр.

Токтогазиев кагаздар электрондук форматка өтсө ички процесстер, дыйкандарга кызмат көрсөтүүлөр батыраак жүрөрүн кошумчалады. Ал ошондой эле министрликте 888 киши иштей турганын, жалпы ведомство текшерилсин деген буйрук чыгарганын белгиледи.

“Азыр биз аудит баштадык. Жалпы министрлик текшерилсин деп Эсептөө палатасына кат менен кайрылдык. Бүт агенттиктер менен департаменттер текшерилет. Функционалдык анализ жүргүзүлүп, кайсы позициялар керек, кайсылары кереги жок экени аныкталат. Себеби бири-бирин кайталап калган штаттар болушу мүмкүн. Аларды кыскартууга туура келет”, - деди Токтогазиев.

Эң жаш министр алдыда чоң реформаларды жасоо ниети бар экенин кошумчалады.

157
Белгилер:
реформа, көйгөй, Тилек Токтогазиев, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги
Тема боюнча
Тилек Токтогазиев жыйын өткөрүп, министрликтеги ишин эмнеден баштаарын айтты