Иран коронавирустан коркуп 85 миң кылмышкерди түрмөдөн чыгарып жиберди

© AFP / JOEL SAGETАбак. Архив
Абак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай кадамдын негизги максаты — жаза өтөө жайларында коронавирустун жайылышын алдын алуу. Бирок алар пандемия жоюлгандан кийин кайра абакка кайтарылаар-кайтарылбасы айтылган жок.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча алдыңкы катарларда турган Иран мамлекети жаза өтөө жайларынан 85 миң соттолуучуну эркиндикке чыгарып жиберди. Бул тууралуу сот бийлигинин өкүлү Голямхосейн Эсмаилинин сөзүнө таянып РИА Новости агенттиги жазды.

"Мындай кадамдын негизги максаты — жаза өтөө жайларында коронавирустун жайылышын алдын алуу. Учурда 85 миң адам эркиндикке чыкты", — деп айткан бийлик өкүлү.

Бирок алар пандемия жоюлгандан кийин кайра абакка кайтарылаар-кайтарылбасы айтылган жок.

Эске салсак, Иранга коронавирус 19-февраль күнү жеткен. Учурда аны 14 001 киши жуктурду. Каза тапкандардын саны — 853 болсо, 4996 адам сакайып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0