Алгачкы космонавт Юрий Гагариндин жубайы көз жумду

© Sputnik / Владимир Родионов / Медиабанкка өтүүБиринчи космонавт Юрий Гагариндин жубайы Валентина Горячева. Архив
Биринчи космонавт Юрий Гагариндин жубайы Валентина Горячева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Валентина Горячева 1935-жылы 15-мартта Оренбург шаарында туулган. 1957-жылы Юрий Гагаринге турмушка чыккан.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik.  Дүйнөдөгү биринчи космонавт Юрий Гагариндин жубайы Валентина Горячева 85 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу РИА Новости Космонавттарды даярдоо борборунун маалымат кызматына таянуу менен билдирди.

БУУнун мурдагы башкы катчысы жана Перунун премьер-министри Перес де Куэльяр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Перуда 100 жаштагы БУУнун мурдагы башкы катчысы көз жумду
Ал мындан бир ай мурда инсульт алып, тамырына уюган канды алуу боюнча операция жасалганы айтылат.

Валентина Горячева 1935-жылы 15-мартта Оренбург шаарында туулган. Ал медициналык училищени аяктаган. 1957-жылы Юрий Гагаринге турмушка чыккан.

Жубайлар Елена жана Галина аттуу эки кызды жарыкка алып келген.

Горячева 1968-жылы жолдошу каза болгондон кийин Звезда шаарында Учкучтарды башкаруу борборунун лабораториясында лаборант-биохимик болуп иштеп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0