Мунай баасы жана альтернативдик энергетиканын кыйрашы: утуш кимде?

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүНефтяное месторождение. Архивное фото
Нефтяное месторождение. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөдө коронавирустун жайылышынан улам мунай баасы кескин төмөндөдү. Бул эки көрүнүштүн байланышы канчалык жана алардын глобалдык кесепети кандай болоруна кесиптешибиз Алексей Маслов сереп салган.

Түз көз карандылык айдан ачык: Кытайда өндүрүш, өнөр жай тармактарынын 40-60 пайызга кыскарышы жана экспорттун кескин азайышы, "дүйнөлүк фабрика" жана энергоөндүрүмдөрдүн ири импортчусу катары саналган Кытайдын керектөөсүнүн төмөндөшү, дүйнөнүн ири өлкөлөрүндөгү карантин жана "үйдөн иштөө", натыйжада, "домино принциби" боюнча мунай баасынын арзандашы. Бирок эпидемия мурдатан даярдалып келе жаткан нерсеге түрткү гана бергендей болду.

Мунай баасы мурда да бир нече ирет кескин төмөндөгөн. Катаал, көбүнесе ок жаңырган окуяларга байланыштуу эле: 1991-жылдын 17-январында мунай баасы Персид булуңундагы согуштан улам 34,8 пайызга (рыноктогу ошондой көрүнүш узакка созулган, тагыраагы, 1990-жылдын октябрынан 1991-жылдын февралына дейре уланган), баа 2001-жылдын сентябрь-ноябрь айларында да АКШдагы террордук чабуулдардын фонунда түшкөн. Бул жолу мунай баасы Россиянын ОПЕК+ келишиминен чыгышына байланыштуу тынч эле шартта төмөндөп турат. Мунун баары баанын арзандашына бөтөн күчтөр тарабынан кызуу түрткү берилгени, "атайын жасалганы", ал эми коронавирустун таасири же кадимки экономикалык факторлорго эч тиешеси жоктугунан кабар берет.

Бензин куйгуч станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай баасынын өзгөрүшү постсоветтик өлкөлөргө кандай таасир этет? Саресеп
Бул жагдайда жеңүүчүлөр да, утулгандар да бар. Кептин баары мунай баасынын өйдө-ылдый болушу мунай-газ тармагы боюнча россиялык өнөктөштөргө, баарынан оболу Кытайга кандай таасир этеринде. Россиялык-кытай мунай жана газ кызматташтыгы белгилүү бир деңгээлде узак мөөнөттүү келишимдер менен корголгон, бирок вирус пандемиясы сымал аргасыз кырдаалдарда көптөгөн мунай-газ келишимдери кайра каралышы ыктымал, маселен, Кытай мунайды жана газды азыраак тандай баштаса, бул Россиянын мунай кирешесине чагылбай койбойт.

АКШга мунай баасынын төмөндөшүнүн узакка созулушу пайдасыз, себеби андай жагдай наркы 40 доллардын тегерегиндеги сланецтик мунайды казууну солгундатат. Азыркыдай баа Сауд Аравиясына да пайда алып келбейт, анткени бюджети баасы 65 долларды түзгөн мунайдан куралат.

Ошентсе да Кытай жана Азиянын бир катар өлкөлөрү утат, алар мунайды алда канча арзан баада сатып алуу менен өз экономикаларын калыптандырууну кыйла жеңилдетүүгө мүмкүнчүлүк алышат.

Адатта мунай баасынын түшүшүнө азиялык мамлекеттердин экономикалык өсүшү таасир этчү, бул ирет дагы  ушул өлкөлөрдүн өкмөттөрү ага түрткү берүүгө фискалдык чараларды көрүүгө шарт түзөт. Бирок учурдагы шарттарда коронавирустан улам басаңдаган керектөөчүлүк суроо-талапты эске алсак, арзан мунайдын артыкчылыгы анчейин сезилбеши да мүмкүн.

Мунайдын баасы ылдыйлаганы Азия аймагындагы мунай экспорттоочулар — Малайзия жана Индонезиянын бюджеттерине да таасирин тийгизет, алардын экономикасын жандандыруунун каржылык өбөлгөлөө мүмкүнчүлүгүн чектейт.

Маселенин башка тарабы да бар. Мунай баасынын түшүшү бардык альтернативдик энергетиканы, анын ичинде шамал жана күн кубатын пайдаланууну да дээрлик пайдасыз кылат. Дал ушул маселе Кытай үчүн абдан маанилүү.

Мунай станоктор иштеп жаткан убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай баасы: Вашингтон менен Эр-Рияд Россияга эмнеге кысым көрсөтүүдө?
Энергиянын альтернативдик булактарын соңку жылдары Кытай "таза" экономиканы жаратуу гана эмес, энергетика тармагындагы коопсуздукту камсыздоо, мунай жана газды ири экспорттоочулардан "кутулуу" ыкмасы катары да караган. Негизи дүйнө жүзүндөгү энергиянын кайра жанма булактарын пайдалануунун өнүгүшүн бүгүнкү күнгө дейре Кытайдын таасири гана жогорулатып келген. Аталган держава энергиянын кайра жанма булактарын пайдаланууну көбөйтүү пикиринен тайбай, мунайды экспорттоочулардын таасиринен да тайдырып келген. Акыркы кырдаалга жараша баа берсек, олчойгон капитал салганына карабастан, жакын арада Кытай муну ишке ашыра албайт өңдөнөт.

Кытай Эл Республикасы күн батареясынын, шамал турбиналарынын, аккумулятор жана электрдик транспорттук каражаттардын дүйнөдөгү эң ири өндүрүүчүсү жана экспорттоочусу болуп саналат. Кытайдын электр энергия тармагындагы он үчүнчү беш жылдык планы (2016-2020-жылдардагы) казып алынбаган жылуулук булагынын үлүшүн 2020-жылга карата 35 пайыздан 39 пайызга чейин жогорулатууга багытталган.

Кытайдын Энергетика боюнча улуттук башкармалыгы, Өнүктүрүү жана реформалар боюнча улуттук комиссиясы энергиянын кайра жанма булактарын иштеп чыгууга жана бул тармакта (салыштырсак, АКШда бул багытка 800 миң кызматкер иштейт) 2020-жылга карата 13 миллион жумуш ордун түзүүгө 360 миллиард доллар бөлүүнү пландап жатышкан.

Бир жылдан ашуун убакыт мурун энергиянын альтернативдик булактары жөнүндөгү ой калчоодо жагымдуу кыялкечтиктин жетишерлик үлүшү орун алган эле. 2019-жылы январда сунушталган "Жаңы дүйнө: геосаясат жана энергиянын трансформациясы" докладында энергиянын кайра жанма булактарынын тез өсүшүнүн геосаясый жана социалдык-экономикалык натыйжалары (кесепеттери) эки кылым илгери казып алынчу жылуулук кубатын пайдаланууга өткөндөгүдөй эле терең болору айтылган.

Нефть платформасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай согушу: батыш эксперттери жеңүүчүнү боолголошту
Жышааналуу өзгөрүүлөр дүйнө жүзү боюнча жаңы энергетикалык лидердин пайда болушун, соода структурасынын өзгөрүшүн, жаңы энергетикалык альянстардын өнүгүшүн, ошондой эле "көмүрсуутектүү" өлкөлөрдөгү туруксуз кырдаалдарды жана башка ушуга окшогон көрүнүштөрдү камтыган. Болжолдонгондой, Кытай өз энергетикасын трансформациялоодо жана энергетикалык коопсуздук жагынан алып караганда утмак, анткени эбак өндүрүш жаатында гана тургай, инновация жана энергиянын кайра жанма булактарын колдонуунун технологиясын киргизүүдө да алдыңкы сапта. 2017-жылы Кытай тараптан энергиянын кайра жанма булактарына салган каражаты инвестициялардын дүйнөлүк көлөмүнүн 45 пайыздан ашыгына туура келген.

Ушул тапта Европа, Кытай жана Япония казып алынуучу кубаттуулуктун импортунан көз каранды, бирок энергиянын кайра жанма булактарынын үлүшүнүн өсүшүнө карасак, алардын энергетикалык эгемендиги өрүш алмак. Япония бул жаатта көбүрөөк көз каранды өлкө болуп эсептелет, анын казып алынуучу кубаттуулуктун таза импорту өлкөнүн ИДПсынын беш пайызын түзөт. Түштүк Азия өз ИДПсынын үч пайыздан ашыгын ушул түрдөгү энергияны импорттоого сарптайт.

Теориялык жактан алып караганда казып алынуучу кубаттуулукту сырттан алган өлкөлөр өз аймагында өндүрүлгөн энергиянын кайра жанма булактарын колдонууга өтсө, өз соода балансын да алдаканча жакшырта алат.

Соңку жылдарда Кытай энергиянын жаңы булактарын табууга умтулуп келген. 2017-жылдын башында дүйнөдөгү эң ири беш келишимдин бири – кытайлык ишканалар тарабынан дал ушул энергиянын кайра жанма булактары боюнча түзүлгөн. Кытай дүйнө жүзү боюнча шамал турбиналарын өндүрүү менен алектенген эң ири ишканага жана өндүрүш тармагы үчүн күн модулдарын чыгарган алты компаниянын бирине ээлик кылат.

Кытайдын алдыңкы технологиялык компаниялары, биринчи кезекте маалыматтарды сактоо жана иштеп чыгуу ишканалары эбак эле энергиянын кайра жанма булактарына өтө башташкан.

Кытай бөлөк бир себептен улам – айлана-чөйрөнүн булганышына каршы чара көрүү үчүн да энергиянын альтернативдик булагына өтүүгө ашыккан. RAND Corporation анализдин негизинде 2012-жылы Кытайда абанын булганышына каршы күрөштүн "наркы" 535 миллиард долларды же ИДПнын 6,5%ын түзгөн деп тыянак чыгарган, бул биринчи кезекте эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн жоготуудан улам экени айтылат.

Бразильская фондовая бирже в Сан-Паулу - Sputnik Кыргызстан
Дүйнө дүрбөй түшкөндө. Ким кандай максатты көздөп, аягы эмне менен бүтөт
Ошону менен бирге эле Кытай дүйнөдө альтернативдик энергетиканын ири рыногу болсо да, 2018-жылы жалпы улуттук электр кубатын өндүрүшүндө шамалдын кубаты болгону 5,2%, ал эми күндөн алынган энергия — 2,5%ды гана түзгөн. Кайра жанма энергетикасы жаатындагы Кытайдын көйгөйлөрү 2018-жылдын ортосунда америкалык-кытай соода тирешинин башталышы менен бир убакта жаралды. Күн энергиясын чыгарган батареялардын эбегейсиз талаасын түзүүнүн өзү гана оголе кымбат иш болуп чыкты. Шамал ана күн энергетикасын колдоо үчүн субсидия жайылтуу башталган, аны менен катар эле борбордук өкмөт "жаңы энергия" деп аталган багытка – сланец газын жана көмүрдөн метанды бөлүп чыгарууга да каржылык колдоону кескин күчөткөн.

Ошентип, азыркы кырдаалдын таң каларлык тарабы мында: Кытай башка эч бир өлкөгө зарыл болбогондой төмөн баадагы, мурдатан калыптанып калган энергетика булактарына муктаж. Бүткүл дүйнө дал ушул кытайлык экономиканын калыптанышын күтүп жатат, коронавирусту өз алдынча жеңип чыкканынан улам Кытайга болгон ишеним кайра калыбына келүүдө. Көпчүлүк бүтүндөй дүйнөлүк экономиканын кайра жанданышын да дал ушул державанын өнөр жай жана кытайлык керектөөнүн өсүшүнө байланыштырууда. Ал эми мурдагыдай мунай баасы менен мындай кадам жасоо өтө татаал жана кымбат.

Бирок Кытайды акырындык менен мунай-газ көз карандылыгынан куткарчу, андан аркы, узак жана абдан оор болсо да альтернативдик энергетикага өтүү планы көпкө каралбачудай. Кытай мурдагы үлгүлөргө кайтууга аргасыз.

Канткен күндө да мунайдын жаңы наркы Кытайдын көңүлүнө төп. Болушунча азыраак чыгымдар менен кайра калыптанууга ири бонус алууда. Жалпысынан, 2020-жылдын биринчи жарымында дүйнө жүзү боюнча корпоративдик киреше кескин түрдө түшөт, андан соң экономиканы калыптандыруунун формасы катары кескин секирик башталат. Бул 2020-жылга карата глобалдык кирешенин өсүшүн орточо түрдө негативдүү кылышы ыктымал. Мындан улам арзан энергиянын негизги пайда алуучу болгон азиялык рыноктор мунай экспорттоочу өлкөлөрдүкүнө караганда кыйла туруктуу жана ийгиликтүү болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0