Бет кап кийген Пекин полиция кызматкерлери. Архивдик сүрөт

Окумуштуулар: коронавирус пандемиясы адамзаттын өмүрүн сактайт

925
Адистер спутниктен алынган маалыматтар Италиянын түндүк тарабында аба тазарганын көрсөткөнүн билдиришти. Тагыраагы, транспорттон чыккан диоксид азоту азайган.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Коронавирус пандемиясы кооптуу болуп жатканы менен адамзаттын саламаттыгына тийгизген пайдалуу жактары дагы бар. Атап айтканда, вирустун айынан дүйнөдө кыймыл азайып, аба тазарды. Бул тууралуу Science Alert басылмасы жазды. 

Адистердин пикиринде, булганган аба COVID-19 вирусуна караганда көп өмүрдү алып коёт.

"Кытайда эки айдын ичинде атмосферадагы катуу бөлүкчөлөр азайып, беш жашка чейинки төрт миң ымыркайдын жана 70 жаштан жогорку курактагы 73 миң адамдын өмүрүн узартты. Бул көрсөткүчтөн улам коронавирустан өлгөн адамдарга караганда, өмүрү сакталгандар көп экенин билүүгө болот", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле адистер спутниктен алынган маалыматтар Италиянын түндүк тарабында аба тазарганын көрсөткөнүн белгилешкен. Тагыраагы, транспорттон чыккан диоксид азоту азайган.

Анткен менен изилдөөчүлөр абага бөлүнүп чыккан зыяндуу заттар канча эсеге кыскарганы боюнча азырынча так маалымат жок экенин кошумчалашты.

925
Белгилер:
экология, аба, пандемия, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1096)
Тема боюнча
Биолог коронавирус пандемиясы кандай шартта токтой турганын айтып берди
Россияда коронавирус жуктурган бейтап каза тапты
Кыргызстанда түгөйлөр үйлөнгөн жерге барып нике каттоо токтотулду
Мүрзөдөгү иштеген кишилер. Архив

Якутскинин токоюндагы мигранттардын мүрзөсү. Көмүлгөндүн баары кыргызстандыктар

425
(жаңыланган 13:31 10.07.2020)
Элчиликтин маалыматына ылайык, ал жерге Кыргызстандын төрт жараны жана Россия жарандыгын алган бир мекендеш көмүлгөн.

БИШКЕК, 10-июл — Sputnik. Якутск шаарынын токоюндагы мигранттар көмүлгөн жер мусулмандар мүрзөсүнүн аймагында жайгашкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Буга чейин айрым ЖМКларда "Якутск шаарында канаттуулар фабрикасынан анча алыс эмес жердеги токойдон мигранттар көмүлгөн жер табылды. Анда беш күмбөз бар. Алардын баары Кыргызстан жана Тажикстандын жарандарыныкы" деген маалымат пайда болгон.

Элчиликтин билдиргенине ылайык, ал жерге Кыргызстандын төрт жараны жана Россия жарандыгын алган бир мекендеш көмүлгөн.

Бишкекте каза болгондорду көмүү канча турат. Расмий баалар

"Сөөктү көмүү боюнча уруксат жана документтердин бардыгы бар", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, мусулмандар мүрзөсүнүн бул аймагы убагында тосулган эмес.

"Якутиянын мусулмандар дин башкармалыгы мүрзөнүн аймагын дайыма карап туруу чечимин кабыл алганын билдирди", — деп жазылат маалыматта.

Аталган аймактын муфтияты мүрзөдө тазалоо иштерин жүргүзүп, жолун бир сыйра оңдошкон. Ошондой эле ал жактагы таштандыны да жоготушкан.

425
Белгилер:
сөөк, Мигрант, мүрзө, Якутск, Россия
Тема боюнча
COVID же пневмониядан көз жумгандарды кантип көмүү керек? КРдеги тартиптер
Тез жардам унаасынан чыгып аткан медкызматкер. Архивдик сүрөт

Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди

125
(жаңыланган 13:12 10.07.2020)
Медицина кызматкерлери Новосибирск — Бишкек каттамы менен келген. Маалыматта алардын саны айтылган эмес.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Россиядан Бишкек шаарына COVID-19 менен күрөшүү үчүн ыктыярчы дарыгерлер менен медайымдар Кыргызстанга кайткан жарандар менен бирге учуп келди. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Алар Новосибирск — Бишкек каттамы менен келген. Маалыматта жардамга кол сунган медиктердин так саны айтылган эмес.

Эске салсак, 5-июлда Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлердин тобу келген. Алар Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин жетишсиздигинен улам жардам берүүгө киришкенин айтышкан

Кыргызстан Россиянын коронавируска каршы дарысын алууну сүйлөшүүдө

"Медиктер менен бирге бул сапар кош бойлуу жана балалуу аялдар, улгайган курактагылар, Новосибирскинин клиникасында дарыланып жаткан кыргызстандыктар, аталган аймакта окуган студенттер келди", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9 358ге жетти. Анын ичинен 3 134 бейтап айыгып, 122си каза болду. Мындан сырткары, ооруканаларга пневмония менен да кайрылгандар көп. Март айынан бери андан 350 адам көз жумду. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

125
Белгилер:
күрөш, өлүм, медик, ыктыярчылар, пневмония, коронавирус, Новосибирск, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Суракматов: пневмонияга чалдыккандар көбөйүп, шаардыктарга коркунуч жаратууда
Алдыда оор сыноо күтүп турат, чыдамдуу бололу. Суракматов шаардыктарга кайрылды
Медсестра находится в отделении коронавирусной болезни (COVID-19) в Центре CHR Hospitalier Regional Hospital de la Citadelle в Льеже, Бельгия, 16 июня 2020 г.

Германиядагы кыргызстандык дарыгерлер онлайн кеп-кеңеш бере баштайт

0
Буга чейин Москвадан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлердин тобу келген. Алар Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин жетишсиздигинен улам мекенине кайткан.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Германиядагы кыргызстандык дарыгерлер бейтаптарга онлайн кеп-кеңеш бере башташат. Бул тууралуу Kyrgyz Club-Germany уюмунун төрагасы, врач Бакыт Көбегенов билдирди.

Анын айтымында, учурда Европада иштеген ак халатчандардын тизмеси такталууда.

Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди

"Бул демилгени Германиядагы бир катар кесиптештерибиз көтөрүп чыкты. Биз Кыргызстандагы дарыгерлерди колдоо максатында мекендештерибизге онлайн кеп-кеңештерди беребиз. Азыр кайсы интернет-платформаны колдоно тургандыгыбызды тактап жатабыз. Буюрса, бул ишке Европанын башка өлкөлөрүндө иштеген кыргызстандык ак халатчандарды да тартабыз", — деди дарыгер.

Көбегенов учурда Германиядагы ооруканалардын биринде хирургия бөлүмүнүн улук дарыгери, Куткаруу кызматында жетектөөчү врач болуп эмгектенет.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 9 358ге жетти. Анын ичинен 3 134 бейтап айыгып, 122си каза болду. Мындан сырткары, ооруканаларга пневмония менен да кайрылгандар көп. Март айынан бери андан 350 адам көз жумду. Алардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында.

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

0
Белгилер:
пневмония, коронавирус, кеңеш, Германия, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Екатеринбургдан кайткан мекендештер менен чогуу медиктер да келди. Сүрөт
Кыргызстан Россиянын коронавируска каршы дарысын алууну сүйлөшүүдө
Новосибирскиден мекенге жардам берүү үчүн дагы медиктер учуп келди