Россияда коронавируска каршы вакцина жаныбарларга сынала баштады

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүРоссиялык дарыгер иш учурунда. Архив
Россиялык дарыгер иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер учурда дарылардын кайсынысы коопсуз жана перспективдүү экенин сынап жатышат. Жакында вакцина канча өлчөмдө жана кандай жол менен пайдаланылары чечилет.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Россияда коронавируска каршы вакцинаны жаныбарларга сынай башташты. Бул тууралуу Колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) сайтында айтылат.

Адистер учурда дарылардын кайсынысы коопсуз жана перспективдүү экенин сынап жатышат. Жакында вакцина канча өлчөмдө жана кандай жол менен пайдаланылары чечилет. Маалыматка карганда, вакцина 2020-жылдын төртүнчү кварталында колдонула баштайт.

"Аны иштеп чыгыш үчүн окумуштуулар вирустук ооруларга, кызамыкка, стоматитке каршы колдонулуучу каражаттарды жана синтетикалык вакциналарды колдонду", — деп айтылат макалада.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны алтыга жетти. Оору биринчи аныкталгандардын үчөө Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун тургундары. Кийинки үч адам Ош облусунун Ноокат районунан, булардын баары тең Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келгендер.

Дүйнө жүзү боюнча айта кетсек, учурда коронавирус жуктургандардын саны 244 миңден ашты. Алардын ичинен 10 миңи каза таап, 86 миңдей киши сакайып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0