Түркиянын аскер кызматкерлери. Архив

АКШ Россияны түрк аскерлеринин өлүмүнө күнөөлөдү. Эч кимдин кылы кыйшайбайт

155
(жаңыланган 14:10 20.03.2020)
АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео ондогон түрк аскерлеринин өлүмүнө Россияны айыптады. Мындан тышкары, ал "НАТО боюнча союздашына" колдоо көрсөтөрүн жана Кошмо Штаттар "Түркияны колдоо жана зомбулукту бүтүрүү үчүн жаңы чараларын" карап чыгарын билдирди.

Абалга россиялык журналист Ирина Алкснис көз чаптырган.

Бул — жакындагы эле сириялык Идлибдеги кырдаалдын курчушуна байланыштуу Вашингтондун алгач ирет жасаган кескин билдирүүсү. Ушул күнгө чейин Кошмо Штаттар Москвага түрк жоокерлеринин өлүмү үчүн түз жоопкерчиликти жүктөгөн эмес.

Ачыгы, Помпеонун мындай пикири орунсуз экенин байкабай коюу мүмкүн эмес, анткени бул окуянын өткөнүнө бир топ болгон.

Идлибдин тегерегиндеги каатчылык февралдын экинчи жарымы жана марттын эң башына туура келет. Владимир Путин менен Тайип Эрдогандын 5-марттагы Москвадагы жолугушуусунан кийин чыңалуу басаңдай баштаган. Аймактагы жагдай мурдагыдай эле курч. Россиялык-түркиялык биргелешкен патрулдук стратегиялык жактан маанилүү болгон М-4 трассасы аны көзөмөлдөгөн согушкерлер тарабынан олуттуу каршылыктарга тушугууда. Ошентсе да иш жүрүп жатат .

Жагдайдын курчушу эки тараптуу кызматташтыктын башка багыттарын — "Түрк агымынан" тарта "Аккую" АЭС курулушуна чейин зыян келтирген жок.

Өткөндө эле Аскерий-техникалык кызматташтык боюнча федералдык кызматтын директору (ФСВТС) Дмитрий Шугаев Анкара тарабынан С-400 экинчи партиясын сатып алууга даярдык уланып жатканын билдирген. Андан тышкары, бул аткаминердин айтымында, кошумча жеткирүү Түркиянын зениттик-ракеталык системанын өндүрүшүнө катышын боолголойт. Ийне-жибине чейин айтылбаса да мекеменин жетекчиси мунун эч кандай тобокелдиги жок экенин жана Россиянын улуттук кызыкчылыктарына зыян алып келбей турганын белгилейт.

Айтор россиялык-түркиялык мамиле түзүлгөн форматында, эң катаал пикир келишпестиктер орун алган жерде да жакшы нукта уланууда жана айрым маселелер боюнча талаш-тартыштар жалпысынан жемиштүү өнөктөштүккө анчалык таасир эткен жок.

Мындай нукта АКШнын тышкы саясий мекемесинин башчысынын бул билдирүүсү "жоо кеткен соң кылычыңды ташка чап" дечүдөй эле аракет болду.

Ошентсе да The Washington Post басылмасында жарыяланган "Түркия кантип Россия менен Батыштан ажырады?" деген курч аталыштагы макаладан кийин түркиялык багытта америкалыктардын логикасы бир кыйла деңгээлде даана байкалат. "Айып Эрдогандын өзүндө, эми тандоосунун кесепетин өзү тартсын" деген тейдеги макала: Анкаранын геосаясий жактан жана державалык күчтөнүшүнө үмүттөндүрө эптүүлүк менен азгырган Путинге жагынууга аракеттенип батыштык союздаштары менен араздашты да, Москва менен жалгыз калды. Ал эми Россия, албетте, түзүлгөн кырдаалды өз пайдасына колдонуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгаргысы келбейт.

Бирок баарынан кызыгы макаланын соңунда. Анда түрк лидери "жаңылыштыгын" акыры аңдап-билери, жыйынтыгында эски, боорукер Батышына көмөк сурап кайрылары, эгер өзүн тартиптүү алып жүрсө, жардам алары боюнча божомол деле жок. Тескерисинче, Тайип Эрдоганга "маанилүү дасторкон четинен" орун ала турганын жоромолдошкон.

Мындай контекстте мамлекеттик катчы тарабынан айтылган позиция түрк лидерин мазактагандай таризде. Тийиштүү өлкөнүн реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн жана анын алдына койгон максаттарына жетүү жөндөмүн чагылдырган таасирдүү аргументтерди келтире жасалган курч билдирүүлөр тышкы саясий аренада жакшы, натыйжалуу.

Москванын сөзүнүн аркасында жүзөгө ашырылган иштер турганын, эң жагымсыз шарттарда да Россия көздөгөнүнө жете билерин көргөн соң дүйнө россиялык тышкы саясий риторикасына олуттуу карай баштады. Ага чейин узак жылдар бою көбүнесе: "орустар сүйлөй берет, баары бир колдорунан эч нерсе келбейт" деген мамиле көнүмүшкө айланган.

Америкалык тышкы саясат көз алдыбызда тескери транзитин жасоодо: Вашингтондун сөздөрү Ак үй каалаганчалык кабыл алынбай баратат. Бул Кошмо Штаттардын болгон окуяларга өздөрү каалагандай жана ойлогондой таасир этүүгө жөндөмсүздүгү ачык байкала баштаганынан улам болууда.

Эрдоганга ачуу сабак же Россияга катуу эскертүүсүнө терең маани берген күндө да АКШнын Жакынкы Чыгыштагы салмагынан тайышы Майк Помпеонун кебин тек гана кечиккен, эч нерсеге таасир эте албаган, демек, позициясынан ажырап бараткан, сөзү менен да, иши менен да процесстерге таасир этүүгө жөндөмсүз державанын куру билдирүүсүнө айландырды.

155
Белгилер:
Батыш, Идлиб провинциясы, Сирия, Түркия, Россия, АКШ
Тема боюнча
Путин менен Эрдоган Идлибдеги согуштук аракеттерди токтотууну макулдашты
Согушту токтотуу жана коопсуздук коридору. Путин менен Эрдогандын сүйлөшүүсү