Карантинди бузгандарга вилланын баасындай айып пул салынат. Европа мисалы

© REUTERS / Flavio Lo Scalzo / File PhotoМедициналык маска кийген Италиянын аскер кызматкери
Медициналык маска кийген Италиянын аскер кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Европанын көп өлкөлөрүндө коронавирус пандемиясынан кийин карантин киргизилди. Ал кеминде апрелдин башына чейин уланат.

БИШКЕК, 21-мар. - Sputnik. Коронавирустан улам Европа өлкөлөрүнүн бир тобунун борборлору дароо ээнсирей түштү. Азык-түлүк саткан дүкөндөр менен дарыканалар гана иштеп жатат. Ички тартипти бузуп, эч себепсиз көчөгө чыгып, ээнбаштык кылгандарга айып пул салынып же административдик жоопкерчиликке тартылууда.

Sputnik Кыргызстан ар кыл өлкөлөрдөгү карантин шартын бузгандарга каралган чараларды тизмектеп көрдү.

Австрия

Коронавирусту тараткандар менен күрөшүү үчүн Австрия канцлери Себастиан Курц 16-марттан тарта авариялык тартип киргизди. Жашоочулар үйүнөн үч себеп менен гана чыга алат. Алар жумушка жетүү, тамак-аш сатып алуу жана зарыл болгондорго жардам берүү учурлары дешти.

​Өлкө боюнча армия ишке кирип, кайгуул кызматтары бейчеки басып жүргөндөрдүн себебин сурап, документин текшерүүдө. Эгерде карантин тартибин бузсаң, 2180 евро айып төлөйсүң.

Австралия

Австралияда коронавирус жуктуруп алган киши элден өзү обочолонбой турган болсо бир жылга эркинен ажыратылат же 50 миң доллар өлчөмүндө айып төлөйт.

Испания

Өткөн жума күнү Испания бийлиги 15 күнгө өзгөчө абал режимин киргизип, бардык жашоочуларды карантинди бекем сактоого чакырды.

Тартип бузгандар 100 евродон 600 миң еврого чейин жазага кириптер болуп, же бир жылдан үч айга чейин түрмөгө отурат.

Италия

Медициналык маскачан жүргунчү эл аралык аэропортто  - Sputnik Кыргызстан
Ири айып салынат. Таиланддан келген кыргызстандык карантиндеги жашоосу тууралуу
Италия коронавирустан улам адамдардын ары-бери жүргөнүнө катуу чектөө киргизген бирден-бир өлкө болду. Анда Франция сыяктуу эле үйдөн чыгып бара жатканда атайын кагаз толтуруп, карантин тартибин эмнеге бузуп жатканыңды айтышың керек.

Мыйзамды бузгандар үч айга чейин темир тордун артына жиберилет же 206 еврого чейин айып төлөйт.

Израиль

Коронавирус инфекциясынан улам 19-мартта Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөгө өзгөчө абал жарыялады.

The Jerusalem Post басылмасы бир нече жумага чейин кишилердин үйдөн себепсиз чыгуусуна тыюу салынганын жазды. Карантинди сактабагандар үч жылга чейин эркинен ажыратылары айтылган.

Норвегия

Бул аптанын башында Норвегия бийлиги үй карантинин бузгандар айып төлөй турганын жар салды. Моюн толгогондор 1700 евро төлөп же 15 күндүк абакка камалат.

Польша

Польшада карантин режимин сактабагандарга же оору боюнча маалыматты жашыргандарга 1200 евро көлөмүндөгү айып пул салынары айтылган.

Франция

Лабораториянын кызматкери коронавируска анализ жүргүзүп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус тууралуу 10 факт. Антибиотикти тоотпойт, кеч билинет, акчадан жугат
Француздар 17-марттан тарта карантинге кирди. Алар үйдөн дүкөнгө, дарыканага жана жумушка гана бара алат.

Парижде полиция кадам сайын кездешет. Киши көчөгө чыгып жаткан себебин түшүндүргөн катты жанына сала жүрүшү керек. Аны ИИМдин сайтынан көчүрүп чыгарып же кол менен жазып алса болот. Ага жашаган дарегин, аты-жөнүн жана эшикте эмне үчүн жүргөнүн жазышы керек. Себеби жок сейилдеп кеткендерге 135 евродон тарта айып төлөнөт. Эгерде полиция кызматкерине каршылык көрсөтсөң, 30 миң еврону камдай беришиң керек.

Хорватия менен Чехия

Хорватияда карантинди тоготпой койгондор 1100 евро суммасындагы айыпка жыгылат. Ал эми Чехияда изоляцияны бузгандар 120 миң евронун тегерегинде акча төлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0