Коронавирустан улам Москвада айт намазы окулбайбы?

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүИИМдин кызматкери Москвада айт намаз учурунда. Архив
ИИМдин кызматкери Москвада айт намаз учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Онлайн көрсөтүү, үйдөн намазга жыгылуу — Москвада Орозо айтты коронавирустан улам кантип өткөрүү керектиги боюнча акыл калчашууда.

БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Лев Рыжков. Россияда коронавирустун жайылып баратканына байланыштуу көптөгөн массалык иш-чаралар өтпөй турган болду. Мусулмандардын эң башкы майрамдарынын бири – орозо айынын соңунда белгиленчү Орозо айт да бул чектөөгө кабылышы ыктымал.

Бул күнү Россиянын баш калаасынын ар кандай райондорундагы айт намазга жыгылууга ондогон мусулмандар, алардын ичинде Борбор Азиядан барган эмгек мигранттары да чогулат. Россиядагы ислам уюмдарынын өкүлдөрү иш-чаранын токтотулуп калышына даяр болуп-болбогонун, мечиттерде кандай алдын алуу чаралары көрүлгөнүн айтып берди.

Сыйынгандардын саламаттыгы үчүн

Россиянын Мусулмандар дин жыйынынын, Москва шаары жана Борбордук аймактын дин башкармалыгынын башчысы Альбир Крганов COVID-19дун жайылышына бөгөт коюуга көмөк көрсөтүү зарылдыгын айтат.

"Белгилүү вируска каршы биргеликте күрөшүүгө байланышкан тийиштүү чаралар көрүлдү, анткени биз үчүн эң оболу динге табынгандардын ден соолугу абдан маанилүү. Москва мэриясынын сунуштамалары менен намаз убактысын жана намазга жыгылчулардын санын 50гө чейин кыскартуудабыз. 23-майга – Орозо айт майрамына дейре кудайдын ырайымы менен карантиндик чаралар жеңилдетилип, бул боюнча тийиштүү чечим чыгып каларына үмүттөнөбүз. Ал эми азырынча биз кырдаал кандай нук аларын карап, күтүп турабыз", — деп билдирет Альбир Крганов.

Бирок дин башкармалыгы коронавирус коркунучу майрамга чейин басаңдабай калган жагдайга да даяр.

Кыргызстанда жума намаз токтотулду. Муфтийдин кайрылуусу видеодо - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жума намаз токтотулду. Муфтийдин кайрылуусу видеодо
"Биз бул көйгөй боюнча чечимдерди, дин илимдеринин бүтүмдөрүн карап, исламдын тарыхындагы окуяларды издеп көрдүк. Ошондой эле мусулман өлкөлөрүндө кабыл алынып жаткан учурдагы чечимдерди талдап чыктык. Мындай шартта жума намаз милдеттүү түрдөбү же жокпу деген суроо туулду. Жыйынтыгында Аалымдар кеңеши тарабынан жума намаздын өткөрүлбөй тургандыгы боюнча чечим кабыл алынды. Ал эми жума намаз макамы боюнча майрамдык намаздан да маанилүү", — дейт муфтий.

Кргановдун айтымында, эгер кырдаал курчуй берсе, карантинди узартуу зарылдыгы чыкса, анда динге табынгандарга жагдайды түшүндүрүү абзел.

"Туура кабыл алышарына үмүт артып турабыз. Айт намаз да, албетте, болот, бирок мурдагыдай эмес, башкача форматта да уюштурулушу мүмкүн. Социалдык медиада жана биздин сайттарыбыз аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзө баштадык. Ал эми майрамга жакын, менимче, биз мамлекеттик телеканалдарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, түшүндүрүү иштеринде бизге көмөктөшүүнү өтүнөбүз деп турам. Кандай чечим болбосун, ал эң биринчи кезекте динге сыйынуучулардын өздөрүнүн саламаттыгы үчүн кабыл алынат", — деди Крганов.

Карантин узартылса, айт намаз кандай өткөрүлөрү боюнча да азыр талкууланып жатканын билдирди Альбир Крганов.

"Орозо айында бардык мусулмандар үйлөрүндө орозо кармашары так. Бул ыйык айда эң башкысы – орозо кармоо. Эгер карантин уланса, анда мусулмандар Таравих намазын өз үйүндө окушат. Ал эми айт намаз, албетте, жалпы окулушу керек. Бирок андай шартта биз айтка аз калганда дагы кеңешип, заманбап жогорку технологияларды эсепке алуу менен сунуштарыбызды элге кабарлайбыз. Ыраактагы жайда туруп да имамды кайталай намазга жыгылууга уруксат берген фатва бар", — деп түшүндүрөт дин кызматкери.

Муфтий билдиргендей, исламдын тарыхында мындай учурлар боло элек болчу. Дин илиминде да бирдиктүү пикир жок. Айт намазды онлайн окууга диний аалымдардын арасында каршы чыккандар да бар.

Праздничный намаз в честь Курман айта в Оше - Sputnik Кыргызстан
Муфтият 23-мартта ажы башчылыкка каттоо иштери башталарын жарыялады
"Бүгүнкү күндө мечиттердин архитектурасы чоң залдардын болушун талап кылат. Айрым мечиттерде терезелер сыйынуучулар сырттан көрүнүп тургандай кылып орнотулган. Мындай архитектуралык чечим шариятка таянылып чыгарылган. Учурда бизде бир нече кабат мечиттер да жок эмес. Имамдын көзүнө тигиле намаз окууга эбак мүмкүн болбой калган. Ал жактарда телевизор жана үн күчөткүчтөр коюлган. Биз жогоруда кеп кылган чечимде (фатва) көрсөтүлгөндөй, андай жайларда имам менен бирге намаз окууга болот. Ошол чечимге таяна дин аалымдары чогуу окулчу намазга алыс аралыктан да жол берилерин айтып жатышат", — дейт ал.

Андай убакта белгилүү бир диний татаалдыктар да орун алышы ыктымалдыгын билдирет муфтий.

"Ислам окумуштууларынын көбү "намазды аралыктан имамды кайталай – онлайн режимде окуу диндин талабына ылайык келбейт" деген пикирде. Ооба, динге ишенгендер маалыматтык пайданы дин үгүттөөчү, Жаратканга биргеликте сыйынуудан алат. Ибадаттын шарты боюнча, Алла Таалага сыйынуунун шартында бир эреже сакталат: бир имам жана катарлардын бириктирилиши. Мечиттен тыш туруп экинчи талапты аткаруу татаал", — дейт Крганов.

Муфтий айт намазга чейин жагдай жакшырарына үмүт артат.

"Бир жагынан, динге ынанган киши үйүндө туруп, үй-бүлө мүчөлөрү менен чогуу намаз окуй алат. Жагдайдан улам мүмкүн болбогон шартта мечитке баруунун ордуна үйдө бирге окуу жамааттык намаз болуп саналышы ыктымал. Акыры мында ниет маанилүү эмеспи", —деп эсептейт дин кызматкери.

Алдыга али ашыкпайлы

Москва собордук мечитинин башкы имамы, Россиянын Европалык бөлүгүнүн Мусулмандар дин башкармалыгынын аппарат жетекчиси Ильдар Аляутдинов азыркы алдын алуу чараларынан кеп салды.

"10-апрелге дейре Москва жана Россиянын европалык бөлүктөрүндөгү мечиттерде карантин. Имамдар кезметтешип иштөөдө. 10-апрелден кийин Москва облусунун өкмөтүнөн кандайдыр көрсөтмөлөр келсе, ошого жараша андан аркы кадамдарды ойлонуштуруп, чечим кабыл алабыз. Азырынча кайсы бир иш-чара токтотулабы же Орозо айт белгиленеби, айтыш кыйын. Ошондуктан кырдаалга байкоо салып, так бир шарттарга жараша аракет кылабыз", — дейт Аляутдинов.

Имам белгилегендей, Орозо айт кандай майрамдалары туурасында биргелешкен чечим диний аалымдардын арасында жок.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы коронавирус коркунучунан улам кудайдан амандык, биримдик жана тынчтык тилеп түлөө өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Муфтият коронавирус коркунучунан улам түлөө өткөрдү
"10-апрелден кийин карантин токтоп калар. Бирок ошол эле учурда жагдайдын жаман нугуна да даяр болууга тийишпиз. Аалымдар ар кыл варианттарды карап жатышат. Алар диний бүтүмүн чыгарганда гана аракетибиз кандай болорун так айта алабыз", — деп кошумчалайт ал.

Орозо айт ыйык орозо айынын эң акыркы кечинен тарта башталып, үч күн белгиленет. Бул майрам быйыл 23-майга туш келет. Жыл сайын айт намазга динге сыйынуучулар, алардын ичинде эмгек мигранттары да аябагандай көп чогулат. Былтыр, 2019-жылы, Москва облусунун өкмөтүнүн Улуттук саясат жана аймактар аралык байланыш департаментинин эсебинде, Россиянын баш калаасында айт намазга 270 миң киши келген.

Муфтият 23-мартта ажы башчылыкка каттоо иштери башталарын жарыялады

Эреже боюнча 49 зыяратчыга бир ажы башчы дайындалат. Быйыл кыргызстандыктардын ажыга баруусуна 6110 квота берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0