Индияда 11 кыргызстандык карантинге алынды

© REUTERS / China Daily CDICОрууканадагы бейтаптар карантин учурда. Архив
Орууканадагы бейтаптар карантин учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстан боюнча коронавирус жуктургандардын саны 14кө жетти. Вирустун жайылышын токтотуу үчүн Кыргызстанга бир айга өзгөчө кырдаал режими киргизилмей болду.

БИШКЕК, 21-мар. – Sputnik. Индиянын Хайдарабад шаарында 11 кыргызстандык карантинге алынды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Жарандар изоляцияланып, коронавируска текшерилет.

Белгилей кетсек, учурда Кыргызстан боюнча коронавирус жуктургандардын саны 14кө жетти. Вирустун жайылышын токтотуу үчүн бийлик Кыргызстанга бир айга өзгөчө кырдаал режимин киргизмей болду. Мындан сырткары, үч күн ичинде чет өлкөдөгү кыргызстандыктар атайын учак менен алып келинери дагы кабарланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0