Кандай оорулары барларга коронавирус өзгөчө кооптуу экени айтылды

© Sputnik / Резников / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкерлери иш учурунда. Архив
Лаборатория кызматкерлери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жүрөк-кан тамыр оорусу бар кишилер COVID-19 илдетине кабылган кезде өлүп калуу тобокелдиги 10,5 пайызга жогорулайт. Ал эми кант диабети барлардыкы — 7,3 пайызга.

БИШКЕК, 22-мар. — Sputnik. Италиянын Ломбардия аймагындагы жугуштуу жана тропикалык оорулар коомунун адистери коронавирус жуктуруп алганда өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон ооруларды санап берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Медициналык маска кийген Италиянын аскер кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Карантинди бузгандарга вилланын баасындай айып пул салынат. Европа мисалы
Маалыматка караганда, жүрөк-кан тамыр оорусу бар кишилер COVID-19 илдетине кабылган учурда өлүп калуу тобокелдиги 10,5 пайызга жогорулайт. Ал эми кант диабети барлардыкы — 7,3 пайызга.

Ошондой эле кооптуу тизмеге дем алуу органдарында өнөкөт оорусу барлар (6,3 пайыз), кан басымы жогорулар (6 пайыз) жана онкологиялык дарты барлар (5,6 пайыз) кирет.

Белгилей кетсек, Италия коронавирус жуктургандар боюнча учурда экинчи, Кытайдан кийинки орунда турат. 21-марттагы маалыматка караганда, вируска кабылгандардын саны 47 миңден ашты. Алардын ичинен 4031 киши каза таап, 4440 киши сакайып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0