Жүк ташуучу унаа. Архивдик сүрөт

Иранда калып калган кыргызстандык айдоочулар үйлөрүнө кайтып келе жатат

239
(жаңыланган 20:43 22.03.2020)
Марттын башында алыска жүк ташыган айдоочулар коронавирустан улам Ирандан чыга албай калышканын, тамак-ашы менен күйүүчү майы түгөнгөнүн айтышкан.

БИШКЕК, 22-мар. – Sputnik. Иранда жүк ташуучу автоунаалары менен калып калган айдоочулардын маселеси чечилип, мекенине кайтып келе жатышат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, учурда 60 айдоочунун 21и Россия-Казакстан чек арасындагы "Караозек" көзөмөл-өткөрмө жайына жөнөшкөн. Дагы 10 унаа Азербайжан-Россия чек арасындагы "Самур" көзөмөл-өткөрмө жайынан өткөнгө камынып жатышат. Ал эми 25 унаа Казакстан аркылуу келе жатышат. Дагы бир айдоочу Казакстан-Россия чек арасынан өткөндөн кийин карантинге алынды. Анткени ал Казакстандын жараны болуп саналат.

ТИМ өкмөткө айдоочулар менен байланышып, сүйлөшкөнүн айткан.

Эске салсак, марттын башында социалдык тармактарда алыска жүк ташыган айдоочулардын видеосу чыгып, коронавирустан улам Ирандан чыга албай калышканын, тамак-ашы менен күйүүчү майы түгөнгөнүн айтышкан. Кийин ТИМ бул маселеге киришип, алардын кайтып келишине көмөк көрсөтө баштаган.

239
Белгилер:
айдоочу, жүк ташуучулар, өкмөт, ТИМ, Казакстан, Россия, Иран, кыргызстандыктар
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (453)
Тема боюнча
Коронавирус: КРдин РФтеги элчилигиндеги штаб күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат
Милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Өкмөттүн соңку маалыматы
Экөөнүн абалы оор. Коронавирус жуктурган 14 кишинин саламаттыгы айтылды