Ангела Меркель дагы карантинге алынмай болду

© REUTERS / POOLГерманиянын канцлери Ангела Меркель
Германиянын канцлери Ангела Меркель  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Германияда 24 873 адамга коронавирус жукканы аныкталды. Вирустан 94 адам көз жумса, 266 киши сакайып кеткен.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Германиянын канцлери Ангела Меркель аны менен байланышта болгон дарыгерден коронавирус табылгандыктан изоляцияга кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Forbes басылмасы жазды.

Ситуация в Пакистане из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Пакистандагы кыргызстандыктан коронавирус аныкталды. Ал дааватта жүргөн
Жекшемби күнү Германия өкмөтүнүн маалымат катчысы жакынкы күндөрү Меркель коронавируска тест тапшырарын айткан. Ошондой эле канцлер менен байланышта болгон дарыгер ага пневмококко каршы эмдөө жасаганын билдирген.

Бүгүнкү күндө Германияда 24 873 адамга коронавирус жукканы аныкталды. Вирустан 94 адам көз жумса, 266 киши сакайып кеткен.

Кыргызстанда болсо абал мурдагыдай эле, жуктургандардын саны — 14. Алардын сегизи Сузак, үчөө Ноокат, бирөө Баткен, экөө Бишкек шаарынын тургундары.

Ушу тапта өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу маалыматтардын баарын биздин тексттик трансляциядан билсеңиз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0