РФ окумуштуулары: коронавируска каршы вакцинаны сыноонун алгачкы этабы аяктады

© AP Photo / Mark SchiefelbeinЛаборатории кызматкери жумуш учурунда. Архив
Лаборатории кызматкери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөгө жайылып жаткан коронавирусту ооздуктай ала турчу дарыны бир дагы мамлекеттин окумуштуулары чыгара элек.

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Россиянын Медицина-биологиялык федералдык агенттигинин COVID-19 инфекциясына каршы чыгарып жаткан вакцинасы биринчи фазадан өттү. Бул тууралуу "Известия" басылмасы аталган агенттиктин жетекчиси Вероника Скворцовага таянуу менен жазды.

Маалыматка караганда, дарыны бардык сыноолордон өткөрүү иштери июнь айына чейин созулат. Ал эми колдонууга чыгаруу үчүн 11 ай убакыт талап кылынат.

"Биздин кийинки кадамыбыз вакцинаны иштеп чыгууга жумшалат. Учурда биз анын биринчи фазасын жасап бүттүк", — деди Скворцова.

Оруукананын дарыгери иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустун эл биле элек жаңы симптому айтылды
Ошондой эле ал вируска каршы вакцина чыгаруу үчүн агенттиктин эки борбору тынымсыз эмгектенип жатканын белгилеген. Болушунча эртерээк колдонууга чыгаруу үчүн кызматкерлер үч график менен алмашып иштеп жатат.

Белгилей кетсек, учурда дүйнөгө жайылып жаткан коронавирусту оздуктай ала турчу вакцинаны бир дагы мамлекеттин окумуштуулары чыгара элек.

Соңку статистика боюнча дүйнө жүзүндө COVID-19 инфекциясына 252 миң адам кабылып, анын 100 миңден ашууну айыкты. Тилекке каршы, 15 миңден ашык адам көз жумду. Вирус ааламдын 200дөй өлкөсүнө жайылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0