Аялдаманы дезинфекциялап жаткан Тазалык кызматкери. Архив

Коронавирус тууралуу ылгабай маалымат топтогондор стресске кабылары айтылды

191
(жаңыланган 11:04 25.03.2020)
Адис жалаң эле жаңылык күтүп отура бербей, көңүлдү башка нерсеге бурууга үндөйт. Мисалы, көптөн бери убакыт жетпей жүргөн китептерди окуу, тасмаларды көрүү адамды сергитет.

БИШКЕК, 25-мар. – Sputnik. Көпчүлүк адамдар ушул тапта коронавирус тууралуу оголе көп маалымат ала берип стресске кабылып, иммундук системасын алсыратып алышы мүмкүн. Бул тууралуу Москва шаарынын психоанализ институтунун окутуучусу, психолог Евгений Головиновго шилтеме берип "Известия" басылмасы жазды.

Анын айтымында, ЖМК, социалдык тармактар, тааныштар аркылуу болушунча көп маалымат билгиси келгендер, акырында ошончо маалыматты анализдей албай, организми стресске кабылат. Жыйынтыгында, адам жалаң өлүм, коркунуч сыяктуу маалыматтарды гана көрүп, өзү сезбей, башкаларын көз жаздымда калтыра берет.

"Андыктан азыркы коронавирус пандемиясы сыяктуу катаал учурда көзгө көрүнгөн маалыматтардын баарын окуй бербей, расмий органдардын, ишенимдүү, кадыр-барктуу ЖМКлардын айтканына гана ишенүүгө чакырабыз. Социалдык тармактарда көбүнесе коомду толкуткусу келген фейктер негатив жаратууга аракет кылат. Алардан оолак болуңуз", — деп сунуштайт психолог.

Мындан тышкары, адис жалаң эле жаңылык күтүп отура бербей, көңүлдү башка нерсеге бурууга үндөйт. Мисалы, ар кандай хобби же көптөн бери убакыт жетпей жүргөн китептерди окуу, тасмаларды көрүү дагы адамды сергитет.

191
Белгилер:
стресс, Окумуштуулар, коронавирус
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (732)
Тема боюнча
Жайкы Олимпиада оюндары башка убакытка жылды
Биолог коронавирус пандемиясы кандай шартта токтой турганын айтып берди
Обсервацияда жаткандар мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгышы мүмкүн. Шарттары
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архивдик сүрөт

Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты

27
(жаңыланган 23:18 25.05.2020)
Дмитрий Песков өзү журналисттерге ооруканадан чыкканын жана азырынча үйдө иштей турганын тастыктады.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков коронавирустан сакайып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Эске салсак, ал 12-май күнү коронавирус жуктуруп алганын билдирген. Ошондой эле анын жубайы, муз бийчиси Татьяна Навкадан дагы вирус аныкталган.

Песков өзү журналисттерге ооруканадан чыкканын жана азырынча үйдө иштей турганын билдирди.

27
Белгилер:
оорукана, коронавирус, Дмитрий Песков, Россия
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (732)
Тема боюнча
Песковдун жубайы Навкадан да COVID-19 табылып, абалы кандай экени айтылды
Шамалга учкан чатыр. Архивдик сүрөт

Бакты омкоруп, чатырды кагаздай учуруп... Екатеринбургдагы шамалдын видеосу

178
(жаңыланган 22:09 25.05.2020)
РИА Новости агенттигинин ИИМ жана жергиликтүү саламаттык сактоо органына таянып жазганына караганда, жаратылыш кырсыгынан эки киши көз жумду.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Урал жана анын борбору Екатеринбург шаарында (Россия) дүйшөмбү күнү кечинде катуу бороон-чапкын болду. Ал учурда тартылган видеолорду интернет колдонуучулар социалдык тармактарга жүктөдү.


Кадрларда көрүнүп тургандай, шамал темир такталарды, курулуш таштандыларын асманга сапырып жатат.

Башка видеодо жерге түшүп калган темир чатырдын үстүндө турган кишини шамал алып ыргытып, темирди кагаздай желбиретип учуруп кеткенин көрүүгө болот.

РИА Новости агенттигинин ИИМ жана жергиликтүү саламаттык сактоо органына таянып жазганына караганда, жаратылыш кырсыгынан эки киши көз жумду.
Материалдык чыгым эсептелип жатат.

178
Белгилер:
Россия, Екатеринбург, шамал, кырсык, аба ырайы
Тема боюнча
Автобусту алып бараткан катуу шамалдын видеосу. Индиядагы окуя
Суу каптаганы аз келгенсип, эми куюн кууратты. Казакстандагы окуянын видеосу