Хюррем Султан "Даңазалуу доор" сериалынан кетип калган себебин айтты

© AFP / Taylor Hill"Даңазалуу доор" тарыхый сериалында Хюррем султандын образын жараткан немис-түрк актрисасы Мерьем Узерли. Архив
Даңазалуу доор тарыхый сериалында Хюррем султандын образын жараткан немис-түрк актрисасы Мерьем Узерли. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Актриса 2013-жылы, сериалдын үчүнчү сезону тартылып жатканда, кеткен. Узерлинин ордуна келген Вахиде Гёрдюмду көрүүчүлөр дароо кабыл ала алган эмес.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. "Даңазалуу доор" тарыхый сериалында Хюррем султандын образын жараткан немис-түрк актрисасы Мерьем Узерли жети жылдан бери биринчи жолу эмне себептен долбоордон чыгып кеткенин айтып берди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Актриса катуу чарчагандыктан сериалдын аягына чейин тартыла албай калганын айткан.

"Өзүмдү аячу эмесмин. "Сен машинасың, Мэри. Бул машина иштеши керек. Жаса, жөн отурба, тартипти сакта" деп өзүмдү аябай, жаным жай алчу эмес. Роботтой эле болуп калгам. Акыры командама мындай темп менен иштей албасымды, жумуш оор болуп кеткенин айттым. Кубаттуулугу түгөнүп бара жаткан аккумуляторго айланып калгам", — деди Узерли.

Турциянын мамлекеттик желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык жигит актёр Бурак Озчивит менен түрк сериалына тартылды. Видео
Актриса сериалдын үчүнчү сезону тартылып жатканда, 2013-жылы, кеткен. Узерлинин ордуна келген Вахиде Гёрдюмду көрүүчүлөр дароо кабыл ала алышкан эмес.

Буга чейин айрым ЖМКлар Мерьем Узерли долбоордон кош бойлуу болгону үчүн кеткенин жазып чыгышкан. 2014-жылы ал кыздууболуп, атын Лара койгон.

"Даңазалуу доор" — түрктөрдүн тарыхый тасмасы. Анда 16-кылымдын биринчи жарымында Осмон империясын башкарган Сулайман султандын тарыхы, өмүр жолу баяндалат.

Жаңылыктар түрмөгү
0