БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Улуу Британия ханышасынын уулу ханзаада Чарльз коронавирус жуктуруп алганын падыша үй-бүлөсүнүн өкүлдөрү билдирди. Бул тууралуу ВВС маалымдады.
"Андан вирустун жеңил эле белгилери байкалды, бирок абалы жакшы. Бир топ күндөн бери адаттагыдай үйдөн иштеп жатат", — дешкен ханзаада жашаган үйдүн өкүлдөрү.
Ханзаада Чарльздин жубайы герцогиня Корнуольская да коронавируска текшерилген. Бирок андан инфекция аныкталган эмес.
"Ханзаада вирусту кимден жуктуруп алганын билүү мүмкүн эмес. Анткени ал өзүнүн милдетин аткарып, акыркы жумада көп иш-чараларга катышкан", — деп айтылат маалыматта.
Ал катышкан акыркы иш-чара 12-мартта болгон. Ханзаада анда Елизавета II менен кезиккен.
Ханзаада Чарльз Улуу Британия ханышасы Елизаветанын уулу, учурда 71 жашта.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Учурда адамзат коронавирустун жеткен чегинде турат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) техникалык жетекчиси Мария Ван Керхове билдирди. Анын сүйлөгөнү Twitter тармагына жүктөлдү.
"Учурда биз пандемиянын оор мезгилин баштан кечирип турабыз. Эпидемиялык сызык өйдө көтөрүлүп баратат. Жети жумадан бери COVID-19дун өскөнү байкалууда. Өткөн жуманын ичинде 4,4 миллиондон ашык адамда оору аныкталган. Бул биз көздөгөн багыт эмес, ошондуктан ага олуттуу карашыбыз керек", — деген Керхове.Ошол эле учурда ДССУ башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус коронавирус инфекциясын жуктургандар жети жумадан бери, андан көз жумгандар төрт аптадан бери көбөйүп жатканын айткан. Ушул жылдын январь жана февраль айларында оорулуулар азайып калганын белгилеген.
Акыркы антирекорд Индияда коюлганын, сутка ичинде 170 миң кишиден вирус чыкканын айткан.
Жон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, дүйнөдө 136 миллиондон ашуун кишиден вирус чыгып, 2,9 миллион адам көз жумду. Оору көп аныкталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ, Индия жана Бразилия турат.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Тибеттик буддисттердин лидери Далай-лама өлкө башчылардын арасына аялдар көбүрөөк кошулса дүйнө жүзү коопсуз болот деп эсептейт. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Окумуштуулардын айтымында, аялдар табиятынан мээримдүү келет. Ааламда тынчтык болушу үчүн аялдар коомдо активдүү ролду ойноп, боорукерликти жайылтуу иши боюнча милдеттерди алышы керек. Дүйнөдө аял-жетекчилер бар. Алардын саны мындан да көп болсо дүйнө жүзү коопсуз болмок", — деген Далай-лама.
Ал жетекчилик кызматты эркектер аркалап, аялдар алардын көлөкөсүндө калган түшүнүк эскиргенин, мындай ойду өзгөртүү керектигин айткан. Бул үчүн аялдарга билимин тереңдетүүгө кеңеш берген.
Мындан тышкары, ал бир нече жыл мурун "эгерде Далай-лама институту улана берсе, келечекте Далай-лама аял болуп төрөлүшү мүмкүн" деп айткандыгын эске салды.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын I кварталында кыргызстандыктардын жашоо минимумунун көлөмү 13 пайызга көбөйүп, 5 840,40 сомду түздү. Бул туурасында Улуттук статистика комитети маалымдады.
Жашоо минимумунун эң жогорку көлөмү Бишкекте, Ош шаарында жана Ош облусунда байкалган.
Жашоо минимуму — бир жаран ушунча акча менен бир ай жанын бага алат дегенди түшүндүрөт.
Белгилей кетсек, кабыл алынган жаңы Конституцияда пенсия, жөлөк пулдарды жашоо минимумунан кем эмес төлөө кепилденген. Бул мыйзам 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.