"Россия сегодня": үйдөн чыкпа, жакындарыңды ойло!

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүУдаленный режим работы из-за угрозы распространения коронавируса
Удаленный режим работы из-за угрозы распространения коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн "Россия сегодня" медиа-тобунун бардык эл аралык долбоорлору өзүнүн логотибин убактылуу алмаштырат.

БИШКЕК, 26 мар — Sputnik. Азыркы пандемия учурунда эң жөнөкөй эле өздүк гигиена жана изоляция бир топ эффективдүү болуп турат. Ошол себептүү биз үйдөн чыкпай, бир топ адамдын өмүрүн сактап калууга салым кошо алабыз. РИА Новости маалымат кызматы жана дүйнөдөгү бардык Sputnik редакциялары акырындык менен үйдөн иштөө режимине өтүп жатат. Бирок ошол эле учурда окурманын, угарманын маанилүү жаңылыктар менен тааныштыруусун улантат.

Обочолонуу — коопсуз жана өзүң менен кошо жакындарыңды вирустан сактап калуунун бирден-бир жолу. Биздин логотиптеги графикалык үй ушул нерсенин белгиси.

Бүгүн анын жаңыланган түрү ria.ru жана жакынкы-алыскы өлкөлөрүндөгү Sputnik долбоорлорунун орус тилдүү варианттарында, ошондой эле алардын социалдык тармактардагы баракчаларына жарыяланат.

Маалымат жыйындагы журналисттер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Пресс-борбор
Онлайн SputnikPro: COVID-19 темасын кантип мыкты чагылдыруу керек
Бул убактылуу гана. Болгону дүйнөнү каптаган вируска каршы күрөшүүгө ар бир адамды чакырган позициябызды көрсөтөт.

ЖМКлар бүгүн коомчулукка маалымат жеткирүү боюнча маанилүү ролду ойношу керек. Сиз үйдө отуруңуз, биз акыркы жана маанилүү жаңылыктар, илдетти алдын алуунун жол-жоболору менен тааныштырып турабыз.

COVID-19 вирусу чыккандан бери миңдеген адамдар өмүрү менен кош айтышып, дагы жүз миңдеген адамдар жуктуруп алды. Тилекке каршы, алардын саны өсүп бара жатат.
Россияда абал өкмөттүн көзөмөлүндө. Бийлик анын массалык түрдө тарап кетпеши үчүн бардык аракеттерди көрүүдө.

Бирок өзүбүз жоопкерчиликтүү болбосок, бизге эч ким жардам бере албайт. Биз биргеликте гана бул коркунучту жеңе алабыз. Дал ошол себептен биз логотипти алмаштырууну чечтик.
Өзүңөрдү жана жакыныңарды коргогула! #безпаники!

Жаңылыктар түрмөгү
0