2008-жылдагы кризистен да оор каатчылык күтүлөт. Дүйнөлүк соода уюмунун божомолу

© REUTERS / Aly Song/File PhotoШанхайская фондовая биржа
Шанхайская фондовая биржа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жумушчу орундардын кыскарышын шарттап, калктын жашоо шартына жана соодага кедергисин тийгизери айтылды.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Коронавирус шарттаган экономикалык кризис 2008-жылы болгон финансылык каатчылыктан алда канча оор болушу мүмкүн. Бул тууралуу Дүйнөлүк соода уюмунун жетекчиси Роберто Азеведо айтканын РИА Новости жазды.

Буга чейин ушундай эле божомолду Эл аралык валюта фондунун башчысы Кристалина Георгиева да айткан болчу.

"Бул пандемиянын экономикага, соодага тийгизген терс таасири катуу болот, демек жумушчу орундар кыскарып, калктын жашоо шартына кесепети тиет. Акыркы божомолдор 12 жыл мурунку кризистен да оор каатчылык болорун каңкуулап турат", — деди Азеведо.

Соңку маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча 471,5 миң адам коронавируска чалдыгып, анын ичинен 21 293 киши каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0