Пассажиры в зале ожидания аэропорта Внуково

Россиядагы элчилик Москванын аэропортунда калган КР жарандары тууралуу үн катты

351
(жаңыланган 16:48 26.03.2020)
Буга чейин 24-март күнү Москва шаарынын Шереметьево аэропортунан 239 кыргызстандык мекенине учуп кете албай калганын дипөкүлчүлүк кабарлаган.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Москва шаарындагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү аба каттамдары токтоп калып, аэропортто калган кыргызстандыктардын абалын билди. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен кабарлашты.

Эске салсак, Россия 27-марттан тарта бардык авиакаттамдарын токтотууну пландап жатат. Буга чейин 24-март күнү Москва шаарынын Шереметьево аэропортунан 239 кыргызстандык мекенине учуп кете албай калганы боюнча Кыргызстандын Россиядагы элчилиги кабарлаган. Алар мурда билет сатып алган каттамдардын баары токтотулгандыктан, Шереметьево аэропортуна учуп кетүүнү көздөп келген. Бирок Бишкек жана Ош шаарына каттамдар жылдырылган үчүн уча албай калышкан.

"Аэропортто калган кыргыз жарандарынан Москва шаарындагы кыргыз диаспораларынын өкүлдөрү кабар алды. 25-март күнү Шереметьево аэропортунда 78 кыргыз жараны бар экени маалым болгон. Мындан сырткары, Нью-Йорк, Минск, Мальдив, Лондон, Орегондон учуп келген 14 транзиттик жаран аныкталган. Диаспора өкүлдөрү аларга Кыргызстанда коронавирустан улам өзгөчө абал жарыялангандыгын түшүндүрүп, аба каттамдары убактылуу токтотулгандыктан, аэропортто калбай эле коюуну айтышкан. Түшүндүрүү иштеринен кийин көпчүлүк Москвада убактылуу жашап турмай болушкан. Азыркы тапта Домодедово жана Шереметьево аэропортторунда чогулуп турган кыргыз жарандары жок", — деп айтылат маалыматта.

Аэропорттун транзиттик аймагындагы жарандар менен да сүйлөшүү жүрүп, аларга тамак-аш уюштурулгандыгы айтылды. Аба каттамын күткөн жарандардын арасында буту ооруган бир адам бар экени аныкталып, элчилик аны Москвадан дарылатуу маселесин кароодо.

Россиядагы Кыргызстандын элчилиги күнү-түнү иштеп жатканын, штаб мүчөлөрү аэропорттордо нөөмөткө туруп жатканын эскертти.

Эгер кандайдыр бир суроолор жаралып калса, +7 499 238 50 69, +7 499 237 33 04, +7 925 103 29 11 (вотсап) телефондору аркылуу байланышуу болору айтылды.

351
Белгилер:
аба, аэропорт, кыргыз, Москва, Россия
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (859)
Тема боюнча
Россия 27-марттан тарта аба каттамдарын токтоторун айтты
Коронавирус жуктуруп алгандар 1300дөй киши менен байланышта болгон
Казань вокзалын дезинфекциялоо. Архивдик сүрөт

Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат

67
(жаңыланган 22:43 28.05.2020)
Шаар мэри май айында вирустан каза тапкандардын саны  мындан ары да өсөрүн болжоду. Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Москванын мэри Сергей Собянин COVID-19 пандемиясынан улам коюлган чектөөлөр улана турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Анын айтымында, чектөө чаралары коронавирустун вакцинасы табылмайынча созулмакчы.

"Өзүн сактоо режими, санитардык чектөөлөр вакцина чыккыча созулат. Күн сайын эки-үч миңдеп оору жуктурган учурларды каттап жатабыз. Ооруканага жаткырууну азайтканыбыз менен оор абалдагы бейтаптар көбөйүүдө", — деп билдирди ал "Россия-24" телеканалына.

Мэрдин айтымына караганда, борбордо коронавируска байланышкан абал "анчалык жакшы эмес", ошондуктан шашуунун кереги жок. Мындан тышкары, май айында COVID-19дан каза болгондордун саны мындан да өсөрү болжолдонду.

"Май айында каза тапкандардын саны дагы да өсөт. Адам өлүмүнүн чыныгы себебин аныктоо өтө маанилүү. Анткени бул адам өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берет", — деп кошумчалады мэр.

Эпидемия башталгандан бери Россиянын 85 аймагынан 380 миң адамдан коронавирус табылып, алардын 4412си каза болгон. Бейтаптардын 150 миңден ашыгы сакайып чыкты. Москвада 173 497 COVID-19 инфекциясын жуктурган учур катталган.

Жакында эле Собянин өзүн-өзү изоляцияга алуу режими жана борбор шаардагы өткөрмө кагазы 14-июнга чейин узартыларын билдирген.

67
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Сергей Собянин, Москва, мэр
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Бишкек мэриясы: "Автомаш-радиатор" заводунда сегиз кишиден COVID табылды
Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Майк Тайсон. Архивдик сүрөт

Майк Тайсон футболкасын айрып, массалык мушташка себепчи болду. Шоудагы видео

188
(жаңыланган 20:17 28.05.2020)
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Тайсон UFC уюмунун мурунку чемпиондору менен биргеликте спорттук жана актёрлук элементтер коштогон шоуга катышкан.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Бокс боюнча дүйнөнүн мурдагы абсолюттук чемпиону Майк Тайсон All Elite Wrestling Dynamite аталышындагы рестлинг-шоуда мушташ чыгарды. Видео BR Wrestling Twitter-аккаунтуна жарыяланды.

Тайсон UFC уюмунун мурунку чемпиондору Витор Белфорт, Генри Сехудо жана Рашад Эванс менен биргеликте Жексонвилл шаарында өткөн шоуга катышкан.

​Алар шарт боюнча бири-бирин чучукка жеткен сөздөр менен тамашалап, ачууларына тийип, тиктешишкен. Бир убакта Тайсон футболкасын айрып, рестлинг жылдызы Крис Джерикону түртүп жиберген.

​Экөөнүн түртүшкөнүн көргөн жанындагылар да бири-бирине жаалданып, массалык мушташ чыгарып жиберишкен. Бирок боксер менен рестлерди арачалап калгандар да болгон. Бул рестлинг спортундагы мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп саналат.

Апрелдин аягында Тайсон спортко кайтуу ниетин билдирип, жардамга муктаждарга кол сунуу үчүн кайрымдуулук беттештерге катышышы мүмкүндүгүн айткан.

188
Белгилер:
видео, мушташ, бокс, Майк Тайсон
Тема боюнча
Байкатпай урганда... Бокстагы эң мыкты нокауттун видеосу
Биометрикалык паспорт. Архивдик сүрөт

Географияны мыкты билген үй-жайсыз Кайрат паспорт алды

0
(жаңыланган 23:44 28.05.2020)
Паспорт алган жаран ал үчүн документ алуу өтө маанилүү экенин айткан. Эми ал жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Социалдык тармактарда "географияны жакшы билген үй-жайсыз адам" катары таанылган кыргызстандык Кайрат Курманалиев паспорт алды.

Анын документ алып, баарына ыраазычылык билдирген видеосу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Кайратты белгилүү кылган видео социалдык тармактарда бир ай мурун тараган. Аны комендатуранын кызматкерлери да жардам берүү максатында издешкен. Убакыттын өтүшү менен ал сырткы келбетине, кийингенине көңүл бура баштап, интернет колдонуучулары Алтынбек Сулайманов экөөнүн түспөлдөш экенин байкашкан. Депутат да окшоштук бар экенин моюндаган.

0
Белгилер:
депутат, селсаяк, Алтынбек Сулайманов, паспорт
Тема боюнча
Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди