Крокодил. Архив

Карантинден качып барып крокодилге жем болду. Африкадагы окуя

815
Руандада коронавирус жуктургандардын саны 40тан ашты. Бул регион боюнча жогорку көрсөткүч. Ошол себептен өлкө бийлиги карантин жарыялап, калкка үйдөн чыгууга тыюу салган.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Руанданын Камони шаарынын тургуну коронавирус карантининен качып барып корокодилге жем болду. Бул тууралуу New York Post басылмасы жазды.

Өлкө боюнча жарыяланган өзгөчө кырдаалга карабай, 25-март күнү 35 жаштагы эркек Нйабаронго дарыясына балык уулоого кеткен.

"Дарыядан ага крокодил кол салып, жеп койгон", — деп айткан шаар мэри Элис Кайитеси.

26-марттагы маалыматка караганда, Руандада коронавирус жуктургандардын саны 40тан ашты. Бул регион боюнча жогорку көрсөткүч. Ошол себептен өлкө бийлиги карантин жарыялап, калкка үйдөн чыгууга тыюу салган.

815
Белгилер:
карантин, өлүм, коронавирус, крокодил, Африка
Тема боюнча
Коронавирустан корккон Иран тургундары оорукананы өрттөп салышты. Видео
"Россия сегодня": үйдөн чыкпа, жакындарыңды ойло!
Өзбекстандын вице-премьери Уктам Барноев. Архивдик сүрөт

COVID жуктуруп алган Өзбекстандын вице-премьери каза болду

31
(жаңыланган 16:21 20.09.2020)
Маркум 57 жашта болчу, өкмөттө өлкөнүн агрардык жана азык-түлүк тармагын тескеген жетекчилик кызматта иштеп келген.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Өзбекстандын вице-премьери Уктам Барноев коронавирустан каза болду. Бул туурасында Sputnik Өзбекстан агенттиги жазды. 

Маалыматты Бухара облусунун акмимчилиги тасыктаганы айтылат.

Барноев 57 жашта болчу, өкмөттө өлкөнүн агрардык жана азык-түлүк тармагын тескеп келген.

Вице-премьер июль айынын соңунда COVID-19 жуктуруп алганы аныкталып, ошондон бери жеке менчик клиникада дарыланып жаткан.

Өзбекстанда карантин жумшартылгандан бери COVID жуктургандар көбөйдү

Айрым тастыкталбаган маалыматка караганда, Барноев өлүмүнүн алдында Германиянын ооруканаларына да барып дарыланган.

19-сентябрь күнү кечинде алынган расмий маалымат боюнча, Өзбекстанда коронавируска чалдыккандардын саны 50 872 адамга жетти. Анын ичинен 47 121 адам айыгып чыкты. Ал эми оорунун кесепетинен 425 адам каза болду.

31
Белгилер:
оору, өлүм, коронавирус, премьер-министр, Өзбекстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Нурсултан Назарбаевдин небереси Айсултан каза болду
Өлгөндөр миллионго жетип... БУУ COVID көзөмөлдөн чыгып бара жатканын айтты
Париждин көчөлөрүнүн биринде бараткан адамдар. Архивдик сүрөт

Европада эпидемиологиялык абал эмнеге начарлап баратат. ДССУнун түшүндүрмөсү

15
(жаңыланган 15:56 20.09.2020)
Уюмдун өкүлдөрү мектептерди ачуу дагы абалдын курчушуна түрткү бергенин, бирок балдарга билим берүүдө зарыл кадам болгонун белгилешкен.

БИШКЕК, 20-сен. — Sputnik. Балкан аймагындагы өлкөлөрдө жана бүткүл Европада эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашы COVID-19га каршы коргонуу чараларын сактабаганга байланыштуу, бийлик көзөмөлдү күчөтүшү керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Белграддагы кеңсесинде айтылганын РИА Новости жазды.

Албания, Босния жана Герцеговина, Словения, Түндүк Македония, Хорватия, Черногория жана Косово сыяктуу бир катар мамлекеттер коронавирусту жуктургандар менен өлгөндөрдүн саны кайрадан өсүп жатканын айтышкан. Аталган мамлекеттерде карантиндик чектөөлөрдүн айрымдары алынып, чек аралары жарым-жартылай ачылган.

Европада COVID-19дан көп адамдын көз жумары айтылууда

"Биз региондордо гана эмес, бүткүл Европа боюнча олуттуу эпидемиологиялык кырдаалга туш болуп жатабыз. Буга бардык мамлекеттер чечкиндүү кадамдарды жасап, баягы эле гигиеналык-санитардык эрежелерди кармануусу керек. Кырдаалдын начарлашына жарандардын талаптарды сактабагандыгы себеп. Бөтөнчө иш-чараларда, эс алууда, стадиондордо, түнкү клубдарда, диний жайларда жана башка массалык чогулуштарда ооруну жуктуруп алып жатышат. Учурда кээ бир мамлекеттер үчүн жугуштуу ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө чоң көйгөй болууда", — деп билдирген эл аралык уюм.

ДССУнун өкүлдөрү мектептерди ачуу дагы абалдын курчушуна түрткү бергенин, бирок балдарга билим берүүдө зарыл кадам болгонун белгилешкен. Ошондой эле окуучулардын арасында ооруну жайылтпаш үчүн чараларды күчөтүүгө чакырган.

Жон Хопкинс атындагы изилдөө институтунун расмий сайтындагы маалымат боюнча, учурда дүйнө жүзүндө 30 794 731 кишиден коронавирус табылып, анын 957 192си өтүп кетти

15
Белгилер:
абал, карантин, коронавирус, Европа, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Көнүп баратат... Коронавирус сезондук оорулардын катарын толукташы ыктымал