COVID-19: Кытай АКШга колдон келген жардамын аябай турганын билдирди

© REUTERS / Carlos Garcia Rawlins Пекин шаардагы коопсуздук кызматкерлери медициналык бет капчан. Архив
Пекин шаардагы коопсуздук кызматкерлери медициналык бет капчан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соңку маалымат боюнча, АКШ COVID-19 вирусун жуктургандардын саны боюнча Кытайды артка калтырып, биринчи орунга чыкты.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кытай бийлиги коронавирус эпидемиясы менен күрөшүү үчүн АКШга колдон келген жардамын аябоого жана колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул туурасында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин АКШ лидери Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдиргенин РИА Новости жазды.

Си Цзиньпин Кытай менен АКШ азыркы кырдаалда бир муштум болуп биригип, эпидемия менен күрөшүү керектигин белгилеген.

“Айрым кытайлык компаниялар жана мекемелер АКШга гуманитардык жардам жөнөтүүдө. Кытай тарап учурда америкалыктар башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыкты түшүнүп турат. Колдон келишинче жардам берүүгө жана колдоо көрсөтүүгө даярбыз”,  — деп айткан Си Цзиньпин.

Ошондой эле ал мындан ары дагы илдетти ооздуктоо үчүн АКШ менен тажрыйба жана маалымат алмашуулар тынымсыз улантыларын кошумчалаган.

G20 онлайн саммитине катышып жаткан Россиянын президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Тарыхта биринчи жолу дүйнө лидерлери онлайн-саммит өткөрүп жатат
Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борбору бүгүн АКШ COVID-19 вирусун жуктургандардын саны боюнча Кытайды артка калтырып, биринчи орунга чыкканын билдирди. Тагыраагы, ушул тапта Америкада коронавируска 85 653 киши кабылды. Алардын арасынан 1290 киши көз жумуп, 713 киши сакайды.

Ал эми жер жүзү боюнча вируска чалдыккандардын саны 531 860ка жетти. Өмүрү менен кош айтышкандар — 24 057, айыккандар 122 203 болду.

Баса, буга чейин коронавирус алгач кимден аныкталганы боюнча да маалымат жарыяланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0