Sputnik радиостунун логотиби. Архив

Sputnik эң көп шилтеме берилген радиостанциялардын сап башына чыкты

76
Sputnik радиосунда айтылгандарга шилтеме берүү индекси 405,62ни түзгөн. Андан кийинки орундарды "Говорит Москва" (323,29) менен "Эхо Москвы" (153,78) радиолору ээлеген.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Sputnik радиосу "Медиалогия" компаниясынын айтканы боюнча Россияда эң көп цитаталанган радиостанциялардын сап башына чыкты. Рейтинг 2020-жылдын февраль айынан тарта түзүлүп келгенин РИА Новости жазды.

Sputnik радиосунда айтылгандарга шилтеме берүү индекси 405,62ни түзгөн. Андан кийинки орундарды "Говорит Москва" (323,29) менен "Эхо Москвы" (153,78) радиолору ээлеген.

Sputnik радиосунун сайты 2019-жылы жай айында ишке кирген. Ал жактан түз эфирлер менен подкасттарды угууга болот. Сайтында Россиядагы жана дүйнөдөгү жаңылыктар, аналитикалык жана автордук берүүлөр жарыяланып турат. Күн сайын Sputnik радиосуна Россиядагы беделдүү ЖМКлар шилтеме беришет. РФдагы радиостанциялардын ичинен цитата кылуу жагынан лидерликти Sputnik радиосун ушул жылдын январь айынан бери бербей келет.

76
Белгилер:
рейтинг, радио, Sputnik, Россия
Россия сегодня эл аралык агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян

Сотко беришибиз мүмкүн! Симоньян АКШда жабыркаган журналисттер тууралуу

25
(жаңыланган 03:39 03.06.2020)
Америкадагы нааразычылык акцияларын чагылдырып жүргөн РИА Новости жана Sputnik агенттигинин кабарчылары полиция тарабынан одоно аракеттерге туш болушкан.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. "Россия сегодня" эл аралык агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян редакциянын кабарчыларына кол салган америкалык полиция кызматкерлерине каршы доо арыз берилиши мүмкүн экендигин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Акыркы үч күндүн ичинде Американын полициясы РИА Новостинин Миннеаполистеги кабарчысы менен Вашингтондогу Sputnik агенттигинин продюсерине кол салды. Экөө тең пресс-карталарын көрсөтүп, кабарчы экендигин айтып кыйкырышкан. Аны полиция көрүп да, угуп да койгон эмес. Учурда АКШ өзүнүн медиасына да ушундай мамиле кылып жатат. Мыйзам бар мамлекетте, албетте, биз сотко кайрылмакпыз. Бирок бүгүнкү Америкада мыйзам полициядан да жакшы иштейт деп айтууга негиз жок. Биз муну ойлонуп көрөбүз", — деген Симоньян.

Өткөн жекшембиде полиция Миннеаполистеги башаламандыкты чагылдырып жаткан РИА Новостинин кабарчысы Михаил Тургиевге көздөн жаш агызуучу газ чачып жиберген. Буга байланыштуу Россиянын элчилиги мамлекеттик департаментке нааразычылык нотасын жөнөткөн.

Ал эми шейшемби күнү Вашингтон полициясы нааразычылык акциясын видеого тартып жүргөн Sputnik агенттигинин продюсери Николь Русселдин журналист экендигин билип туруп желим ок менен аткылаган.

Полиция Тургиев менен Руссел журналист экендигин тастыктаганына карабастан, атайылап орой мамиле жасаган.

Афроамерикалык жарандын өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен башаламандыктын аягы сууй элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародёрлук күч алганын ЖМКлар жазып жатышат.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп башаламандыкты террорчулук деп сыпаттаган.

25
Белгилер:
журналист, башаламандык, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
АКШ полициясы ЖМК өкүлү экенин билип туруп Sputnik продюсерине ок чыгарды
Полиция кызматкерлери элди атам деп жатат

АКШ полициясы ЖМК өкүлү экенин билип туруп Sputnik продюсерине ок чыгарды

130
(жаңыланган 03:24 03.06.2020)
Продюсердин билдиришинче, ал полиция кызматкерлерине журналист экендигин бир нече жолу айткан. Мындан тышкары мойнунда пресс-картасы да бар болчу.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. АКШда полиция нааразычылык акцияларын чагылдырып жүргөн Sputnik агенттигинин продюсери Николь Русселдин журналист экендигин билип туруп резина ок менен аткылады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Продюсер окуяны төкпөй-чачпай баяндап берген.

"Мен Ак үйдүн жанында жүргөн элем. Митингчилерге ок атыла баштаган маалда окуяны видеодон көрсөтүү үчүн ал жакка жакындадым. Полиция ошол замат аткылап баштады. Байкашымча, травматикалык граната менен резина окторду колдонушту. Ошондой эле биз тарапка көздөн жаш агызуучу газ чачышып, бардыгыбыз жөтөлдүк", — деген журналист.

Продюсердин билдиришинче, ал укук коргоо органдарынын кызматкерлерине журналист экендигин бир нече жолу айткан. Мындан тышкары, мойнунда пресс-картасы да бар болчу.

"Мен кабарчы дегенимде, полиция "Артка!" деп кыйкырып, катуу үн чыгаруучу гранаталарды ыргыта баштады. Соккунун издери ичим менен санымда калды. Бир нече секундадан кийин кайрадан тартууну улантып жатканымда резина ок менен аткандай болду. Ал жаракаттан бутум көгөрүп, канады", — деп кошумчалады Руссел.

Жерге жыгылып калган аялга демонстранттардын бири жардам берген.

"Митингчилерге кандай чара көрүлсө, бардык журналисттерге дагы ошондой мамиле болуп жатат", — деди продюсер.

Афроамерикалык жарандын өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен башаламандыктын аягы сууй элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародёрлук күч алганын ЖМКлар жазып жатышат.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп башаламандыкты террорчулук деп сыпаттаган.

130
Белгилер:
ок атуу, журналист, башаламандык, Sputnik, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Нью-Йоркто мародёрчулук күч алды. Жеринде тартылган видео