Түркия: коронавирус жуктургандар 6 миңге чукулдап, авиакаттам токтоду

© REUTERS / UMIT BEKTASСтамбул шаарындагы базадры дезинфекциялап жаткан кызматкерлер
Стамбул шаарындагы базадры дезинфекциялап жаткан кызматкерлер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жума күндөгү маалымат боюнча, Түркияда бир суткада вирус жуктургандар 2000ден ашып, бейтаптардын жалпы саны 5698ге жетти. 92 киши көз жумган.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Түрк лидери Режеп Тайип Эрдоган коронавирус пандемиясына байланыштуу өлкө чет мамлекеттер менен авиакаттамдарын токтотконун билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

Түркиянын саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджанын билдиришинче, жума күндөгү маалымат боюнча өлкөдө бир суткада вирус жуктургандар 2000ден ашып, бейтаптардын жалпы саны 5698ге жетти. Ал эми коронавирустан 92 киши көз жумган.

"Бүгүн биз элдин саламаттыгы үчүн жаңы чараны кабыл алдык. Эл аралык авиакаттамдар толугу менен токтотулат. Шаар аралык каттоолор боюнча губернаторлордон уруксат алуу керек. Бул биринчи кезекте 30 ири шаарга тиешелүү. Компанияларда азыраак кызматкерлер иштеп турат. Биз үйдө обочолонуп отурууну улантышыбыз керек", — деген Эрдоган элге кайрылуусунда.

Ал учурда өлкөдө 42 адам вирусту жеңип, 344 киши жандандыруу бөлүмүндө экендигин кошумчалаган.

"Көп нерсеге тынчсыздануунун кажети жок. Бизде азык-түлүк, дары-дармек, тесттер, кол каптар, маскалар жетиштүү. Буларды өлкө өзү чыгарат эмеспи. Ошондой эле Түркияда жетиштүү санда жандандыруу бөлүмдөрү бар", — деген түрк лидери.

Ушу тапта Түркияда массалык иш-чаралар токтотулуп, эл көп барган бир катар жайлар жабылган. Мындан сырткары, 65 жаштан өткөндөргө үйдөн чыгууга тыюу салынган.

Коронавирус тууралуу

Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө 15 киши коронавирус жуктурду деп жалган маалымат тараткандар кармалды
2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус боюнча дүйнөдө пандемия жарыялаган. Учурда вирус 200дөй өлкөгө жайылды, ага каршы вакцина табыла элек.

Жер жүзү боюнча ага кабылгандардын саны 597 072 болду. Өмүрү менен кош айтышкандар — 27 360, айыккандар — 131 698ге чамалап барды.

Жаңылыктар түрмөгү
0