Коронавирус чыккан Уханда метро иштей баштады

© REUTERS / ALY SONGМетродогу жүргүнчүлөр
Метродогу жүргүнчүлөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган шаар 23-январдан бери обочолонуп, тышкы дүйнө менен дээрлик байланышсыз калган. Калааны 8-апрелден тарта карантинден чыгаруу пландалууда.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. COVID-19 инфекциясынын очогу болгон Кытайдын Ухань шаарында метро жарым-жартылай ишин жанданта баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматта алты каттам бүгүт таңдан тарта ишке киргени айтылат. Эми метро саат 6.00дөн 23.00гө чейин эл ташымакчы. Жүргүнчүлөрдүн баарынын бет кап тагынып жүрүшү, метрого кирип-чыккан сайын жеке "ден соолук кодун" сканерлеши шарт.

Коронавируска анализ алып жаткан медицина кызматкери - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда коронавирус жуктургандар катталган жок
Белгилей кетсек, Ухань 23-январдан бери изоляцияда, элдин шаарга кирип-чыгуусуна тыюу салынып, тышкы дүйнө менен дээрлик байланыш токтотулган. Транспорттун бардык түрү жүрбөй, аэропорт, темир жол бекеттери иштебей калган.

Эми 8-апрелден тарта карантинден чыгаруу пландалып жатат.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-мартта коронавирус пандемиясын жарыялаган. Акыркы маалымат боюнча, Жер жүзүндө ага кабылгандардын саны 597 072 болду. Өмүрү менен кош айтышкандар — 27 360, айыккандар — 131 698ге чамалап барды.

Жаңылыктар түрмөгү
0