COVID-19 карылар эле эмес, бардык курактагылар үчүн кооптуу. Жаңы маалымат

© REUTERS / THOMAS PETERМедициналык маска кийген жүргүнчүлөр
Медициналык маска кийген жүргүнчүлөр - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис ушу тапта Францияда коронавирус жуктурган 20 жашка чейин 12 киши реанимацияда жатканын мисал келтирди. Акыркы маалымат боюнча, COVID-19 инфекциясы аныкталгандардын саны жарым миллиондон ашты.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Коронавирустук инфекция мурда айтылгандай кары-картаңдар эле эмес, бардык курактагылар үчүн кооптуу экенин көрсөттү. Аны жуктуруп, көз жумгандардын арасында жаштар дагы бар. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Мелита Вуйновичтин сөзүнө таянуу менен РИА Новости жазды.

Ал "Кийинки 20 жыл" аттуу онлайн-форумга катышкан. Адистин айтымында, вируска өнөкөт оорусу барлар көбүрөөк чалдыгып жатат.

"Тилекке каршы, коронавирус жаш-карыга карабайт экен. Албетте, жаштар буга азыраак кабылууда, бирок баары бир алар да ден соолугуна сак болушу керек. Мисалы, Францияда коронавирус жуктурган 20 жашка чейин 12 киши реанимацияда жатат", — деди Вуйнович.

Ал коронавирус адам организмине өтө тез ыңгайлаша турганын белгиледи.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 11-март күнү коронавирус пандемиясын жарыялаган. Азыркы тапта аны жуктуруп алгандардын саны жарым миллиондон ашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0