Канаданын өкмөт башчысынын аялы коронавирустан айыкканын билдирди

© AFPПремьер-министр Джастин Трюдо жана аялы Софи Грегуар Трюдо
Премьер-министр Джастин Трюдо жана аялы Софи Грегуар Трюдо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Грегуар-Трюдонун ооруп калганы мындан эки апта мурда белгилүү болгон. Мындай кабар алынган анализдин жыйынтыгы аныкталгандан кийин тараган.

БИШКЕК, 29-мар — Sputnik. Канаданын өкмөт башчысы Жастин Трюдонун жубайы Софи Грегуар-Трюдо коронавирустан айыкты. Бул туурасында ал Facebook тармагындагы баракчасына жазды.

Канада премьер-министринин өмүрлүк жубайынын COVID-19 вирусун жуктуруп алганы 13-мартта белгилүү болгон. Бул окуядан кийин анын күйөөсү, өкмөт башчы элден обочолонуп, үйдөн иштөөгө өткөн.

"Жакшы жаңылык менен бөлүшөйүн, бир топ оңолуп калдым. Андан сырткары, Оттаванын Саламаттык сактоо департаменти жана дарыгеримден жакшы кабар алдым. Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы жакшы чыкты", — деп жазган Трюдо Facebook тармагындагы баракчасына.

Учурда Канадада коронавирус 5655 адамга жугуп, алардын ичинен 61и каза тапкан. 466 киши айыгып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0