Ысыкка чыдабайбы? Коронавирус бөтөнчө активдүү болгон температура аталды

© AFP / CRISTINA QUICLERЖара в Испании
Жара в Испании - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Анализге ылайык, коронавирус 4 градус жылуулукта көп убакытка чейин өлбөйт. Эгер дезинфекция жүргүзбөсө, мындай шартта 14 күн жашай алат.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Гонконг окумуштуулары коронавирус бөтөнчө активдүү болгон температураны аныкташты. Иликтөөнүн жыйынтыгы medRxiv порталына жарыяланды.

Анализге ылайык, коронавирус 4 градус жылуулукта көп убакытка чейин өлбөйт, эгер дезинфекция жүргүзбөсө, мындай шартта 14 күн жашай алат.

Азык-түлүк жыйнап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир айлык запас керек. Адис үй карантинин туура пайдалануунун жолун айтты
Ошол эле учурда COVID-19 жогорку температураны көтөрө албайт. 70 градус ысык болгондо вирус активдүүлүгүн 5 мүнөттүн ичинде жоготот.

Мындан тышкары, адистер вирус ар кайсы заттын үстүндө канча күн жашай турганын билип көрүшкөн. Ага ылайык, кагазда үч саат, кийимде жана кайра иштетилген жыгачта эки күн, айнекте төрт күн, пластикте жети күнгө чейин жашаган.

Окумуштуулар коронавирус медициналык масканын тышында жети күнгө чейин жүрө аларын белгилеп, аларды бат-баттан алмаштырып же дезинфекциялап турууга чакырган.

Ушул тапта аалам боюнча COVID-19 жуктургандардын саны 722 289га жетип, анын 151 991и ооруну жеңди. Вирустан каза тапкандардын саны 33 984 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0