ЖМК: коронавирустун кесепетинен немец министри жанын кыйды

© AP Photo / Andreas ArnoldКаржы министри болуп иштеген Томас Шефер
Каржы министри болуп иштеген Томас Шефер - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Он жылдай каржы министри болуп иштеген Томас Шефер коронавирустун кесепетин кантип жоюуну билбей калган.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Германиянын Гессен штатынын каржы министри жана ХДС партиясынын өкүлү Томас Шефер өз өмүрүнө кол салган. Алдын ала маалыматтар боюнча, министр коронавирустун кесепетинен экономикалык маселени кантип чечишти билбей, санаа тартып ушул жолго барган. Бул тууралуу Business Today басылмасы жазды.

Акча каражаттары жана калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: элден түшкөн акчаны бөлүштүрүү үчүн комиссия түзүлдү
Билдирмеге ылайык, канцлер Ангела Меркелдин христиан-демократиялык союзунун мүчөсү, 54 жаштагы Томас Шефердин сөөгү ишемби күнү Франкфурт шаарынан анча алыс эмес Хоххайме темир жолунан табылган.

Полиция менен прокуратура күбөлөрдү сурап, кырсык болгон жердеги окуяны байкагандан кийин Шефер өз жанын кыйган деген бүтүмгө келген.

Гессен штатынын губернатору Фолькер Буфье Шефердин өлүмүн коронавирус инфекциясы менен байланыштырууда.

"Анын жумушу көп болчу. Калкка каржылык жактан кантип жардам бере алам деп көп ойлончу. Эч кандай жолун таба албагандыктан, ал бизди таштап кетти. Көпчүлүк үчүн, мен үчүн анын мындай өлүмү күтүүсүз болду", — деди Буфье.

DW немец басылмасы да министрдин өлүмүн коронавирустун кесепети менен байланыштырды.

"Болжолдуу иликтөөгө таянсак, Гессен штатынын каржы министри Томас Шефер кризисти кантип жеңишти билбей өз өмүрүнө кол салган", — деп жазылат басылманын Twitter баракчасында.

​Федералдык өкмөт COVID-19 инфекциясы калктын жашоосуна залакасын тийгизбесин деп элге ири жардам пакетин иштеп чыккан.

Шефер Гессен штатында 10 жылдан бери каржы министри болуп иштеп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0