Трамп: АКШда коронавирустан 200 миңдей киши өлсө жакшы көрсөткүч деп эсептейм

© Пресс-служба президента Украины / Медиабанкка өтүүАКШ президенти Дональд Трамп
АКШ президенти Дональд Трамп  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Американын лидеринин айтымында, бийлик вируска каршы чараларды көрбөгөндө өлкөдө 2 миллиондой кишинин көз жумушу мүмкүн эле.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамп жекшемби күнү болгон маалымат жыйында бийлик коронавируска каршы чараларды көрбөсө, 2 миллиондой америкалык кырылмагын билдирип, вирустан 100-200 миң кишинин өлүмүн "жакшы көрсөткүч" деп атаган. Бул туурасында РИА Новости билдирди.

Трамптын айтымында, АКШда коронавирустук инфекциядан боло турчу өлүмдүн эң жогорку көрсөткүчү 14 күндүн ичинде күтүлүп жатат.

"Эгер биз каза болгондордун санын 100-200 миңге чейин азайта алсак, мыкты иш алып барган болобуз", — деген Американын лидери.

Жаңы төрөлгөн бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
АКШда коронавирустан ымыркай чарчап калды
Ошондой эле АКШ коронавирус пандемиясынан кийин мурдагыдай калыбына 1-июндан тарта гана кайта башташы мүмкүндүгүн кошумчалаган.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка ылайык, АКШда коронавирусту 142 502 киши жуктуруп, анын 2 506сы көз жумуп, 4 856 бейтап сакайды. Өлкө дүйнө жүзү боюнча коронавирус жайылган мамлекеттердин сап башына чыкты.

11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус  пандемиясын  жарыялаган. Ушул тапта дүйнө боюнча COVID-19 вирусун жуктургандардын саны 722 289ге жетип, анын 151 991и ооруну жеңди. Вирустан каза тапкандардын саны 33 984 болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0