Бейтаптардан алынган анализдер. Архив

Россияда коронавируска каршы күрөшчү үч каражат чыгарылды

1948
(жаңыланган 12:06 30.03.2020)
Окумуштуунун айтымында, үчөө тең Россиянын Саламаттык сактоо министрлигин кызыктырып, жаңы вирус менен күрөшүүдө артыкчылуктуу каражат катары каралып жатат.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Россияда коронавирус пайда кылган инфекция менен күрөшө алчу үч дары чыгарылды. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын кызматкери, академик Владимир Чехонинге шилтеме берип РИА Новости жазды.

Окумуштуунун айтымында, академия бир нече жыл мурда триазавирин каражатын ойлоп тапкан, учурда ага кытайлык илимпоздор кызыгып жатат.

"Азыр анын ингаляция жолу менен дарылоочу формасын чыгардык, респиратордук вирустук инфекцияны жок кылууга пайдаланса болот. COVID-19 вирусун дарылоого мүмкүнчүлүгү бар. Эми препаратты лабораториялык сыноодон өткөрүү керек", — деди Чехонин.

Ошондой эле Органикалык синтез институту Москвадагы Органикалык химия институту менен биргеликте Россиянын фармацевтикалык өндүрүшүнүн бардык талаптарына жооп берген, вируска каршы фавипиравир дарысын иштеп чыгышты. Бул каражат дагы сыноого даяр.

Фортепрен аттуу үчүнчү каражат Гамалея атындагы улуттук эпидемиология жана микробиология институтунда даярдалган.

"Фортепрен тууралуу айтсак, ал кишилерге дагы сыналды. Азыр каттоодон өтүп жатат. Андан соң каражатты биз сөз кылып жаткан COVID-19 вирусу менен кандай күрөшө аларын сынап көрсө болот", — деди илимпоз.

Чехониндин айтымында, бул үчөө тең Россиянын Саламаттык сактоо министрлигин кызыктырып, жаңы вирус менен күрөшүүдө артыкчылыктуу каражат катары каралууда.

Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борборунун сайтындагы маалыматка караганда, учурда дүйнө жүзү боюнча 723 328 киши коронавируска кабылды. Алардын арасынан 34 005и каза таап, 151 991 бейтап сакайды. Ал эми Кыргызстанда акыркы маалымат боюнча вирус жуктуруп алгандардын саны — 84.

1948
Белгилер:
дары, коронавирус, Россия
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (763)
Тема боюнча
Россияда коронавирусту дарылай турган препаратты иштеп чыгышты
Блокпосттогу дарыгер, милиционер, аскерлерге кандай тамак берилүүдө. Сүрөт
COVID-19 жайылган түштүк регионго Бишкектен дарыгерлер тобу жөнөп кетти. Видео
Facebook соцтармагы. Архивдик сүрөт

Facebook расизмге каршы аракет көрө баштады

7
Жакында эле дүйнөлүк ЖМКлар Facebook афроамерикалыктарды кемсинткен постторду жазган 190 миң аккаунтту өчүрүп салганын жазды.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Facebook компаниясынын жетекчиси Марк Цукерберг афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин өзү негиздеген социалдык тармак расалык теңчилик боюнча жаңы саясат баштаарын билдирди. Бул тууралуу "Известия" басылмасы жазды.

"Биз расалык теңчиликке үгүттөө  боюнча жаңы кадамдарды таштай баштадык. Албетте, АКШдагы жана дүйнөдөгү улутчулдукту жана теңсиздикти жеңүү кыйын, бирок биз бул нерсеге кичинекей болсо дагы салым кошушубуз керек", — деди Цукерберг.

Анын айтымында, теңсиздик, бийлик тараптан коркутуп-үркүтүү боюнча билдирүүлөргө карата жаңы талаптар жана жоопкерчилик иштелип чыгат.

"Компаниянын азыркы саясаты деле зордук-зомбулукка жол бербейт. Кайсы бир тарапка карата зомбулук тууралуу пост болсо, аны жок кылып салуу туура деп ойлойбуз. Дагы талкуулар болуп жатат", — деди компания негиздөөчүсү.

Жакында эле дүйнөлүк ЖМКлар Facebook афроамерикалыктарды кемсинткен постторду жазган 190 миң аккаунтту өчүрүп салганын кабарлады.

Эске салсак, Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап, күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШ эле эмес башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир топ шаарларында башаламандык жаралып, талап-тоноо күч алган.

7
Белгилер:
Марк Цукерберг, Facebook, АКШ
Тема боюнча
Кокусунан кетирген катадай эмес. Facebook неге актанды?
АКШ соту Facebook компаниясын 5 млрд. доллар айыпка жыкты. Себеби
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали. Архивдик сүрөт

Казакстан президентинин маалымат катчысынан COVID табылды

96
(жаңыланган 23:36 06.06.2020)
Казакстандын президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин, Ак ордо санитардык эрежелерди сактап жаткандыгын айтты.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Казакстандын президентинин маалымат катчысы Берик Курмангали коронавирус менен ооруп калгандыгын Sputnik Казакстан жазды.

"Тилекке каршы, менин коронавирус боюнча тапшырган тестим сактанган чараларга карабастан, менден оору чыккандыгын көрсөттү. Учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө, ооруканада жатам. Абалым канааттандырарлык", — деген Берик Уали.

Казакстан президентинин маалымат катчысы Касым-Жомарт Токаевдин ден соолугу таза экендигин айтты.

"Мамлекет башчы тесттен улам өтүп турат. Ак ордо санитардык эрежелерди сактап, талаптар күчөтүлгөн", — деген Уали.

Ал жалпы казакстандыктарды карантиндин талаптарын сактоого чакырды.

96
Белгилер:
коронавирус, катчылык, маалымат, Касым-Жомарт Токаев, Казакстан
Тема боюнча
Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты
Кыргызстан футбол курамасы. Архивдик сүрөт

Дүйнө чемпионатына жолдомо: КР футболчуларынын оюнга чыкчу күндөрү айтылды

8
Мурдагы график боюнча Кыргызстан командасынын тандап алуу турлары марттан июнь айына чейин өтүшү керек эле, бирок коронавирус пандемиясынан улам жылдырылган.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстан футбол союзу 2022-жылкы Дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндардын боюнча болжолдуу датасын жарыялады.

Улуттук курама команда өткөн жылы Тажикстан, Мьянма, Монголия, Япония өлкөлөрүнүн футболчулары менен төрт жолу беттешкен. Ал эми экинчи айлампада 2019-жылы ноябрь айында Тажикстан менен ойногон. Калган таймаштар март-июнь айларына белгиленген болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам мелдештер жылган.

Мындан улам оюндарды күздө өткөрүү пландалууда.

  • Мьянма — Кыргызстан (конокто) — 13-октябрь;
  • Кыргызстан — Монголия (өз үйүндө) — 12-ноябрь;
  • Япония — Кыргызстан (конокто) — 17-ноябрь.

Учурда F тайпасында Кыргызстан экинчи орунда турат.

8
Белгилер:
график, дүйнө чемпионаты, дүйнө, оюн, футбол, Кыргызстан
Тема боюнча
Франциялык футболчу дүйнө чемпионатында алган алтын медалын сатып жиберди
Кирешеси 1 млрд. долларга жете турган биринчи футболчунун ысымы аталды