Москва шаарындагы полиция кызматкерлери

500 миң рубль айып салынат! РФ карантин эрежесин бузгандарды жазаламай болду

436
(жаңыланган 14:24 30.03.2020)
Бүгүн, 30-марттан тарта, Москва шаарында бардык жарандар үчүн өзүн-өзү изоляциялоо режими ишке кирди.

БИШКЕК, 30-мар. – Sputnik. Россиянын өкмөтү карантинде жаткандардын жоопкерчилигин күчөтүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу РИА Новости премьер-министр Михаил Мишустинге шилтеме берип жарыялады.

Өкмөт башчысы азыркы кезде вирустун жайылышын токтотуу негизги максат экенин белгилеген.

Эреже бузуулар жөнүндөгү административдик кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, карантинди сактабай вирусту башка адамдарга жуктуруп, анын айынан өлгөндөр болсо 150 миңден 300 миң рублге чейин айып салынат. Ал эми кызмат адамдары үчүн айып пулдун көлөмү 300 миңден 500 миң рублге чейин жетет.

Карантин учурунда жасаган аракеттери коомчулукка коркунуч алып келген адамдар 15 миңден 40 миң рублге чейин айыпка жыгылмакчы. Ал эми кызмат адамдары 50 миңден 150 миң рублге чейин төлөмөр болору айтылды. Айып пулдун максималдуу көлөмү миллион рублди түзөт (юридикалык жактар үчүн).

Эске салсак, Москва шаарында бүгүндөн тарта бардык жарандар үчүн өзүн-өзү изоляциялоо режими ишке кирди.

436
Белгилер:
Михаил Мишустин, өкмөт, карантин, Россия
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (762)
Тема боюнча
Россияда коронавируска каршы күрөшчү үч каражат чыгарылды
Көп жолу колдончу бет капты кантип тазалоо керек
Сүйүнчү! Кыргызстанда алгачкы 3 бейтап коронавирусту жеңди
COVID-19 вируска каршы дары таблеткалары. Архив

Россияда коронавируска каршы вакцина кийинки жумада чыгып, акысыз берилет

50
(жаңыланган 23:52 05.06.2020)
Бул —  коронавируска каршы чыгарылган Россиядагы алгачкы, ал эми дүйнөдө экинчи болуп катталган дары экени айтылат.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Коронавируска каршы "Авифавир" препараты Россияда Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун алкагында бекер берилет. Бул тууралуу Россиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев президент Владимир Путин менен жолукканда айтканын Кремлдин сайты маалымдады.

Дмитриев "Авифавир" коронавируска каршы чыгарылган Россиядагы алгачкы, ал эми дүйнөдө экинчи болуп катталган дары экенин билдирген.

"Ал 11-июндан тарта Россиянын клиникаларына келип түшөт. Ал россиялыктарга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча бекер берилет", — деп айткан Дмитриев.

Маалыматта мындай вакцинадан жылына 700 миң даана чыгаруу пландалганын, бирок суроо-талап көп болуп, башка 10 өлкөдөн да сурам келип жатканын белгилеген. Мындан улам санын эки миллионго чейин жеткирүү пландалган.

50
Белгилер:
Россия, дарылоо, вакцина, коронавирус
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (762)
Тема боюнча
Россия: коронавируска каршы чыгарылган бир вакцина баарына жарай бербейт
Коронавируска каршы Япония чыгарган вакцина июлда сынактан өтөт

Акыйкаттык орнобосо, тынчтык болбойт! АКШда эл Флойд менен коштошкон видео

144
(жаңыланган 21:47 05.06.2020)
Американын Миннеаполис шаарында полиция кызматкерлеринин одоно аракетинен каза болгон афроамерикалык Жорж Флойд менен коштошуу зыйнаты болду.

Миннеаполистеги Түндүк Борбордук университетинин (North Central) имаратына жүздөгөн адам Флойдду эскерүү үчүн чогулду. Табытты жүктөгөн автоунаа көрүстөнгө бара жатканда эл "Акыйкаттык орнобосо, тынчтык болбойт!" деген сөздү кайталап жатты.

Жорж Флойд майдын аягында Миннеаполисте полиция кармап, күч колдонгондон кийин көз жумган. Анын өлүмү элдин жаалын кайнатып, АКШ эле эмес башка жерлерде да нааразылык толкундарын жаратты. Ал эми Американын бир топ шаарларында башаламандык жаралып, талап-тоноо күч алган.

144
Белгилер:
коштошуу, узатуу, полиция, Жорж Флойд, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
АКШнын алдан тайышы: балдар полициядан коркуп жана жек көрүүнү үйрөнүп жатышат