Испанияда 12 миңден ашык медик коронавирус жуктуруп алды

© REUTERS / Juan MedinaСитуация в Испании в связи с распространением коронавируса
Ситуация в Испании в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул сан жалпы жуктуруп алган бейтаптардын 14 пайызын түзөт. Дүйнө жүзү боюнча бул эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Испанияда 12 миңден ашык медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо жана өзгөчө кырдаалды алдын алуу координациялык борборунун өкүлү Мария Хосе Сьеррага таянып РИА Новости билдирди. 

"Бүгүн эртең менен медицина тармагынан 12 298 кызматкердин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды", — деген Сьерра.

Кытай дарыгерлери бүлөсү менен 50 күндөн кийин жолукту. Көзгө жаш алдырган видео - Sputnik Кыргызстан
Кытай дарыгерлери бүлөсү менен 50 күндөн кийин жолукту. Көзгө жаш алдырган видео
Бул сан жалпы жуктуруп алган бейтаптардын 14 пайызын түзөт. Дүйнө жүзү боюнча бул эң жогорку көрсөткүч болуп эсептелет.

27-март күнү эле 9500 дарыгер коронавирус жуктуруп алганы айтылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү ооруган дарыгерлердин басымдуу бөлүгү үйлөрүндө экенин да айтып кеткен.

Акыркы маалыматтар боюнча, Испанияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 85 200гө жетип, андан 7340 адам каза болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0