Жүрөгүм айланып, аба жетпей... COVID-19 жуктурган кыз оорунун азабы тууралуу

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүТурай-жай имаратында дезинфекциялоо учурунда
Турай-жай имаратында дезинфекциялоо учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22 жаштагы кыз Европага барып келгенден кийин өзүн начар сезе баштаган. Аягында баспай калып, дарыгерлерге өзү кайрылган.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. АКШнын Висконсин штатынын жашоочусу Эми Ширсель коронавирус жуктуруп алгандан кийинки тарткан азабын Twitter баракчасына баяндап жазган. РИА Новости анын жазгандарын жарыялады.

Билдирмеге ылайык, 22 жаштагы Эми Ширсель Европага барып келгенден өзүн начар сезе баштаган.

"Алгачкы күндөрү оорунун белгилери жеңил эле болуп жаткан. Дене табым көтөрүлүп, кичинеден жөтөлүп баштадым. Андан кийин чыйрыгып, башым ооруп, мурдум токтобой калды", — деп жазган ал 28-мартта.

Андан кийин тамакка табити жоголуп, уйкусу качканын айтты.

АКШ президенти Дональд Трамп  - Sputnik Кыргызстан
Трамп: АКШда коронавирустан 200 миңдей киши өлсө жакшы көрсөткүч деп эсептейм
"Төртүнчү күнү коронавируска тест тапшырсам оң жыйынтык чыкты. Ошондон баштап жүрөгүм айланып, дем жетпей, дене табым 39 градуска чейин көтөрүлүп кетти", — деген ал.

Бир суткадан кийин вирусту илештирип алган кыз баса албай калып, дарыгерлерди чакыртып, алар Ширселди ооруканага жаткырган.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын саны боюнча АКШ азыр биринчи орунда. Бул мамлекетте вируска кабылгандардын саны 165 274кө жетти. 3000ден ашык адамдын көз жумганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0