Таиланддын королу коронавирустан 20 күң кызы менен мейманканада сактанууда

© REUTERS / Athit Perawongmetha / FileТаиланд королу Маха Ватчиралонгкон Бодинтхаратхеппхаяварангкун. Архивдик сүрөт
Таиланд королу Маха Ватчиралонгкон Бодинтхаратхеппхаяварангкун. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Bild немец басылмасынын маалыматына ылайык, Таиланддын 67 жаштагы королу төрт жылдыздуу Grand Hotel Sonnenbichl мейманканасынын бардык номерин сатып алган.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Таиланддын королу Маха Вачиралонгкорн коронавирустан коргонуп, Бавариянын Гармиш-Партенкирхен тоо-лыжа курортундагы мейманканада обочолонуп жатат. Бул тууралуу New York Post гезити жазды.

Маалым болгондой, ал курортко жалгыз барган эмес. 20 күң кыздан турган гаремин ала кеткен.

Bild немец басылмасынын маалыматына ылайык, Таиланддын 67 жаштагы королу төрт жылдыздуу Grand Hotel Sonnenbichl мейманканасынын бардык номерин сатып алган.

Германия бийлиги карантин кырдаалына карабай анын өлкөгө кирип, эс алуусуна расмий түрдө уруксат берген.

Коронавирустун жайылып жаткандыгына байланыштуу бул курорттогу мейманкана жана конок үйлөрдүн баары жабылган. Бирок король эс алган мейманкана жабылган эмес.

Басылма королду коштоп дагы 119 жардамчысы учуп барганын тактаган. Бирок алар COVID-19 вирусуна шектелип Таиландга кайра жөнөтүлгөн.

Акыркы маалыматтар боюнча, Таиланддын өзүндө коронавирус жуктуруп алган 1388 учур катталып, жети адам каза болгон.

"Король коронавирустан гареми менен кошо сактанып жатат" деген маалымат соцтармакка тараары менен аталган өлкөнүн жашоочулары анын дарегине терс маанайдагы сөздөрдү жаза башташкан.

Twitter тармагында "Бизге мындай королдун кереги жок" деген хештег пайда болуп, аны менен миллиондон ашык киши билдирүү жазган.

"Королдун дарегине терс маанайдагы сөз айтып, аны мазактоо мыйзамга туура келбейт. Бирок бул башында таажысы бар бала — акмак", — деп жазган дагы бир колдонуучу.

Ушул эле маалымат Reddit порталында да катуу талкууланып жатат. Эки күндүн ичинде бул билдирменин алдына 76 миң киши "лайк" баскан.

Таиланддын королу Маха Вачиралонгкорн көпчүлүккө падышалык кароолдун башкы командачысынын орун басарына баш кошуп, андан кийин аны бардык макамынан ажыратып салгандыгы менен таанымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0