Рынок көтөрө алабы? Норвегия мунай казуунун көлөмүн көбөйтөт

© REUTERS / Ints Kalnins / File PhotoНефтепромысловая платформа Equinor Johan Sverdrup в Северном море
Нефтепромысловая платформа Equinor Johan Sverdrup в Северном море - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Норвегия ансыз да жык толгон дүйнөлүк мунай рыногун дагы толуктоону чечти. Бул туурасында дүйнөлүк маалымат каражаттары жазып чыкты.

Россия өкмөтүнүн алдындагы Каржы университетинин эксперти, Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун алдыңкы аналитиги Игорь Юшков Sputnik радиосунун обосунда мындай учурда кырдаал кандай нук аларына саресеп салды.

Океанда турган мунай платформасы - Sputnik Кыргызстан
"Оор сыноо": сланецтик өндүрүш урагандан урап барат
Bloomberg агенттиги мунайдын арзан баасына карабай Норвегия дүйнөлүк рыноктогу анын көлөмүн дагы арттырууга ниеттенгени туурасында жазды. Норвегиялык Equinor ASA мамлекеттик компаниясы май айында Түндүк деңиздеги Йохан Свердруп кениндеги казуу көлөмүн суткасына 470 миң баррелге жогорулатууну көздөөдө.

Бул кеминде эле мөөнөтүнөн бир ай эрте, анан да болжолдонгондон суткасына 30 миң баррелге көптүк кылат. Өз кезегинде мындай кадам өндүрүштүн көлөмү ансыз да жогору жана мунай согушу күч алып турган шартта рыноктогу кырдаалды ого бетер курчутат. Ошону менен бирге эле 2022-жылдын аягында Норвегия күн сайын 690 миң баррель казып алууга белсенди.

Sputnik радиосунун обосунда Россия өкмөтүнүн алдындагы Каржы университетинин эксперти, Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун алдыңкы аналитиги Игорь Юшков бул пландардын аткарылышы шек туудурарын айтат.

"Бир жагынан суткасына үч миллион баррелге көп казууну жарыялаган Сауд Аравиясынан айырмалана алар сунуштап турган көлөмдү көбөйтүү анчалык  чоң масштабда эмес. Ошондуктан Норвегия тараптан рынокко чыга турган кошумча көлөм көп деле көрүнбөйт. Бирок рынок аны көтөрө алабы, кеп ошондо. Рыноктогу жагдай норвегиялык компаниялардын бул планына өзгөртүү киргизүүгө түртөт деп ойлойм", — дейт Юшков.

Анын айтымында, мунайдын мынчалык көлөмүнө ушул тапта эч ким муктаж эмес. "Эмитен эле европалык мунайды кайра иштетүүчү заводдор кошумча көлөмдөн баш тартууда, дегеле кайра иштетүүнү да азайтууда. Анткени карантиндик чаралардан улам Европага мынчалык өлчөмдө мунай өндүрүмүнүн зарылдыгы жок. Бир ай ичинде мунай сакталчу жайлардын баары толтурулат, ошондо керектөө гана тургай, суроо-талап болушунча азаят. Европалыктар да мунайды сатып алуудан баш тартат. Ошол себептен норвегиялыктардын бул кошумча көлөмдү кимге сатууга далалаттанганы чоң суроону жаратат", — деп ой толгойт серепчи.

Мунай казуу станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мунай согушу. Вашингтон табуну бузуп, кепке келе баштаганда
ОПЕК+ уюмуна мүчө өлкөлөр марттын башында мунай казууну кыскартуу боюнча да, мурдагы келишимдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө да бир пикирге келе албай тарашкан. Эр-Рияд мунай казууну мурдагыдан да кыскартуу керек деген оюнан кайтпай, ал эми Москва колдогу келишимдин шарттарын сактоону сунуштаган.

1-апрелден тарта ОПЕК+ келишиминин катышуучуларынын бири-биринин алдында эч кандай милдеттенмеси жок, саудиялыктар мунай казууну көбөйтөрүн, бааны төмөндөтүп, европалык сатып алуучуларга кыйла арзан баада сунуштаарын жарыялаган. Бул кадам дүйнөлүк рыноктордо мунайдын белгиленген баасын кескин түшүрүп жиберди.

Жаңылыктар түрмөгү
0