Беш жылдыздуу мейманканалар карантин мөөнөтүн өткөрүүгө чакырууда

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүКыз бассейндин жанында эс алып жатат. Архив
Кыз бассейндин жанында эс алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мейманканалар кардарларына болгон шартты түзүп берүүгө даяр. Айрымдары коронавируска тестти номеринен эле алып, күнү-түнү медициналык колдоо көрсөтүп турат.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Дүйнөдөгү беш жылдыздуу мейманканалар кардарларын карантин убактысын алардын эс алуу жайында өткөрүүгө чакырууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Индонезиядагы мейманканалар түйүнүнүн президенти Грег Аллен коронавирустан улам инкубациялык убакытка байланыштуу карантин пакеттерин сата баштаганын билдирген.

Таиланд королу Маха Ватчиралонгкон Бодинтхаратхеппхаяварангкун. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Таиланддын королу коронавирустан 20 күң кызы менен мейманканада сактанууда
Анын айтымында, персонал жеке гигиена эрежелерин жана социалдык дистанцияны катуу кармайт. Барган меймандар менен байланышпайт. Официанттар тамак-ашты номерлердин жанына, жабык эшиктин түбүнө таштап кетишет.

Эгер коноктордун биринде коронавирустун белгилери байкалып калса, аларды мейманкана акысыз автоунаа менен ооруканага чейин жеткирип коет.

Буга чейин кычыраган мейманканасы бар швейцариялык компания бардар кардарларына "антивирус сунушун" жарыялаган. Сунушка ылайык, эгер кардар карантин мөөнөтүн ушул мейманканадан өткөрсө, алардан коронавируска тестти номеринен эле алып, күнү-түнү медициналык колдоо көрсөтүлүп турат.

Айрым мейманканалар тамак-аш жеткирүү жаатында кызмат көрсөтүүдө. Мисалы, Индонезиянын Богорасындагы отель өз ашканасынан тамак жасап, башкаларга жеткирет. Дагы бир мейманкана Жакартанын калкын тамак-аш менен камсыз кылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0